Экс-премьер-министр Сариевдин тарапташтары соттун алдына митингге чыкты

Сүрөт: 24.kg

Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына 60ка жакын адам чогулду — алар экс-премьер министр Темир Сариевди бошотууну талап кылышууда.

Сотто саясатчынын жактоочуларынын аппеляциялык арызы каралмак, бирок жыйын 12-октябрга жылдырылган.

*2011-жылы Темир Сариев экономика министри болуп, бир жылдан кийин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген. 2015-жылы Сариев өлкөнүн премьер-министри болгон, бирок бир жылдан кийин Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоонун айланасындагы ызы-чуудан улам кызматтан кеткен.

Темир Сариев. Сүрөт: фейсбук 

Сариевди УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» иши боюнча 3-августта кармаган. Ал анда УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, Сариев экономика министри жана «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезде ишкана тарабынан экологияга келтирилген зыяндын өлчөмүн бир нече миллиард сомго кыскарткан. УКМК экс-премьер-министрдин иш-аракетинен мамлекеттке «эбегейсиз зыян» келтирилгенин кошумчалаган.

Саясатчынын адвокаттары айыптоолорду «сандырак» деп атаган. Сариев өзү абакта минкабдын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманованын «жалган көрсөтмөсүнөн улам отурам» деп билдирген.

Кумтөр иши

6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда айрым компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алган, ал эми 7-майда сот «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин жарыялаган. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине, калган үч иш — коррупция фактылары боюнча аткаминерлерге байланыштуу.

Көп өтпөй 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар Кумтөр кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талантбек Узакбаев менен Исхак Пирматов, экс-премьерлер Темир Сариев менен Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган.