Министрлер кабинети көмүрдүн баасын жөнгө салмай болду

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстанда көмүрдүн баасы убактылуу мамлекет тарабынан жөнгө салынарын билдирди. Бул чара максималдык бааны белгилөө менен 90 күндүк мөөнөткө киргизилди.

Көмүр. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы. 

Бааны жөнгө салуу милдети Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлдү. Агенттик көмүрдүн бир тоннасы үчүн бааны 1250 сомдон 1330 сомго чейин деп белгиледи.

Министрлер кабинети мындай чечим күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасы кымбаттап кетишине жол бербеш үчүн кабыл алынганын кошумчалашты.

Көмүрдүн баасы

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кара-Кече карьеринде жайгашкан 21 көмүр казган ишкана үчүн дүң баада сатуунун наркы өткөн жылкы баа боюнча калганын белгиледи: көмүрдүн тоннасы үчүн 1250 сомдон 1330 сомго чейин.

Агенттиктин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы бир нече себептерден улам кымбаттаган: мезгилдик фактор, суроо-талап сунуштан жогору болуп жатканы жана отунду калкка сата турган түйүндөргө чейин жеткирүү. Мындан тышкары, агенттик сатуучулар абалдан пайдаланып жатышы мүмкүн деп дагы эсептейт.

Сүрөт: Мамлекеттик антимонополия агенттигинин басма сөз кызматы 

Мамлекеттик агенттик «бул чынжырчанын чыгымдары чындыкка коошпойт» деп белгилейт.

7-октябрда Улуттук статком бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 715 сомго кымбаттаганын билдирген. Барынан да Ноокатта көмүр кымбат — бир тоннасы 8 390 сом. Экинчи орунда Баткен турат — 8 377 сом.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, Бишкекте бир тонна көмүр 4 558 сом турат. Бирок ЖМКдагы маалыматтар боюнча, борбор калаада көмүр беш миң сомдон жогору.

Буга чейин «Кыргыз көмүр» мамишканасынан көмүрдүн баасын алып сатарлар жогорулатып жатканын айтышкан. Мамлекеттик ишкана ортомчуларга кайрылып, бааларды негизсиз жогорулатканды токтотууну суранган. Ал эми жарандарга көмүр сатып алууда соодалашууну кеңеш кылышкан.