Садыр Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирди

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 12-октябрда министрлер кабинетинин отставкага кетирген жарлыкка кол койгонун билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Минкабды оставкага кетирүү менен бирге президент ведомствонун төрагасы Улукбек Мариповду ээлеген кызматынан бошотту. Минкабдын төрагасынын милдетин Акылбек Жапаров аткарат.

Президенттин айтымында, министрлер кабинетинин төрагасын алмаштырууга «казынаны толтуруу» себеп болгон. Анткени Акылбек Жапаров быйыл бюджетти «280 млрд сом менен, 2022-жылы 400 млрд сомго жакындатып жаап берем» деп сөз берген.

Президент минкабдын жаңы курамы Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлүп, бир нече министрликке жаңы талапкерлер сунушталганын кошумчалады.

Министрлер кабинети президент мурдарак «Министрлер кабинети жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койгондуктан отставкага кетти. Документке ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындайт, андан соң парламентке сунуш келтирет.

Андан кийин Жогорку Кеңеш президент сунуштаган талапкерлерди үч күндүн ичинде карап чыгышы керек. Эгерде парламент карап чыкпаса, анда талапкерлер макулдашылган деп эсептелинет.

Эгерде депутаттар талапкерлерге добуш берүүдөн баш тартса, президент үч жумушчу күндүн ичинде жаңы талапкерлерди сунушташы керек жана добуш берүү процедурасы кайталанат.

Мындан ары министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясын жетектейт. Ал эми администрация өкмөттүн аппаратынын милдетин аткарат. Мыйзамдын долбоорунда минкабдын мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз болот деп жазылган, бирок аны менчиктештирүүгө тыюу салынган.