Орусияда мигранттар үчүн үч режим киргизүү пландалууда

Орусиянын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой Орусиянын «ИИМ Медиа» басылмасына маек куруп, өлкөдө мигранттар үчүн үч режим киргизүү пландалып жатканын айтып берген.

  • кыска мөөнөт жүрүү;
  • узак мөөнөт жүрүү;
  • туруктуу жүрүү.

Горовой түшүндүргөндөй, кыска мөөнөт жүрүү режими өлкөгө киргенден тартып 90 суткага чейинки мөөнөткө берилет. Бул убакыттын ичинде көпкө жүргүсү келген чет элдик узак мөөнөт жүрүүгө уруксат алып же Орусиядан чыгып келиши керек.

«Ал убактылуу жашоого уруксаттын милдетин аткарат. Туруктуу жашоо режиминин мөөнөтү чектелбейт, жашоого уруксат алууга, Орусиянын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп айтып берди ИИМ башчысынын орун басары.

Горовой жаңы эрежелерди Орусияда убактылуу жүрүү жана туруктуу жашоонун укуктук режимдерин жакшыртуу үчүн киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.

Узак мөөнөткө жүрүү укугун алуунун дагы бир милдеттүү шарты — мамлекеттик маалымат тутумунда профиль жана электрондук маалымат алып жүрүүчү бирдиктүү документ болууга тийиш. Ал эми бир режимден экинчи режимге өтүү үчүн өлкөдөн чыкпай туруп кирүү механизмдери болот.

«Туруктуу жашоо институтун комплекстүү түрдө реформалоо пландалууда. Чет элдик жаранга туруктуу жашоочунун статусун берүү тууралуу чечим Орусиянын субъектисинин комиссиясы тарабынан кабыл алынат», — деди Горовой.

Киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр, ИИМдин башчысынын орун басарынын айтымында, эмгек мигранттарына дагы тиешелүү болот. Ал үчүн Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн реестрин түзүп, бардык кагаз документтерин электрондукка өткөрүүнү көздөшөт.

«Жарандардын, жумуш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин өз ара алакасы ыңгайлуу болушу үчүн эмгек миграциясы жаатында маалыматтык сервис түзүлөт — миграциялык процесстер менен эмгек ресурстарынын санарип платформасы», — деди ал.

Мындан тышкары, чет элдик жарандарды миграцияга чейинки даярдыктан өткөргөн чет элдик инфраструктураны түзүү маселеси дагы артыкчылыктуу болуп турат.

Дагы окуңуз: Мекенде жумуш жок. Пандемияда Борбор Азиялык мигранттардын турмушу кандай өзгөрдү?