Материалдын түп нускасы Peshcom демилгесинин сайтында жарык көргөн.

Акыркы 60 жылдын ичинде Бишкектеги бак-дарактардын саны 10 эсе кыскарды. Бир шаардыкка болжолу менен 3,5 чарчы метр бак-дарак туура келет, негизи, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, эң аз дегенде 9, эң көп дегенде 50 чарчы метр болушу шарт. Бул ажырым көбөйгөндөн көбөйүп барат.

Гүлзардын ордуна көп кабаттуу үй

«Эч нерсе кыла албайбыз, бул жеке менчик, бизге кызыл китебин көрсөтүштү», — дейт «Бишкек жашыл чарбанын» адиси Ибраимов менен Огонбаев көчөрүнүн кесилишиндеги кароосуз калган гүлзардагы дарактардын кыйылышы тууралуу.

Гүлзардын тегереги коп жылдан бери дубал менен курчалган. Жакында анын жанында көп жылдык карагайлар, теректер жана башка дарактар өсө баштаган, анын жанында эски оргушту чөп басып кеткен. Жанында жайгашкан үйлөрдүн тургундары гүлзарды калыбына келтиреби деп акырына чейин үмүттөндү.

Бирок быйыл, август айынын ортосунда бир нече күндүн ичинде дарактардын баары кыйылып, эски оргушту да жок кылышты.

Дубалдын жыртык-тешиги бүтөлүп, айрым жери эки эсе бийиктетилген. Дубалга дароо түстүү баннер илинген: ресторан, жайкы далистер, мейманкана, жер астындагы унаа токтотуучу жай — айтор, 15 кабаттуу бизнес борборунда эмнелер гана жок.

22-июль 2021/ Google Earth аркылуу жасалган гүлзардын сүрөтү
12-октябрь 2021 / Сүрөт: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналы уулу, атайын Peshcom үчүн

«Victory+ бизнес-борборунун терезесинен Жеңиш аянты көрүнүп турат. Эн негизгиси, ал көрүнүштү башка имараттар тоспойт, себеби бизнес-борбору биринчи чийинде орун алган», — деп жазылат болочок комплекстин инстаграм-баракчасында.

Мурун Куйбышев 93 дареги боюнча жайгашкан 9 кабат үйдүн тургундары Жеңиш аянтын жана андагы гүлзарды көрүп турушчу – эми алардын терезесинен курулуп жаткан имараттын «укмуштуудай» кебетеси көрүнүп турат.

«Бала кезибизде бул жерде жашынмак ойночубуз»

«Мен үчкө чыкканда Куйбышев 93 дарегиндеги үйгө көчүп кирдик. Үйүбүздүн жанында гүлзар бар болчу — ал жерде бак-дарактар өсүп, отургучтар орнотулган эле. Дайыма ошол жерде жашынмак ойночубуз. Сонун жер болчу — эл сейилдеп, эс алчу», — дейт үйдүн жашоочусу Бакыт.

Жайкысын эски фонтан дагы иштеп турчу. Ал эми 90-жылдардын ортосунда гүлзарда чакан кафе ачылды. Ал жерде үйдүн жашоочулары чогулуп турчу, шишкебектин жыты буркурап, эл эс алчу. «Сонун кафе эле. Биз ошол жерден чогулуп, шишкебек жасап, жумуштан кийин эс алчубуз», — дейт Бакыт.

Анын айтымында, жагдай 2000-жылдын башында өзгөрө баштады. Гүлзардагы бак-дарактарды сугарбай калышты, кафе жабылды. Кийин ал жерге дубал орнотушту. «Ал жерге дубал орното башташканда, биз гүлзарды жакшырталы деп атат окшойт деп ойлодук», — дейт Бакыт.

Гүлзар кантип жеке менчикке өтүп кеткен?

Кадастрдын маалыматына ылайык, 1999-жылы мэрия ал жерди соода борборун курууга берүүгө токтом кылды.

Ал токтомго ылайык, жоопкерчилиги чектелген «Орион-Торг-Сервис» коомуна 4,5 миң чарчы метрге жакын жер пайдаланууга берилген. Соода борборун ал коом бир жылдын ичинде куруп бүтмөк. Документке ошондогу мэрдин милдетин аткаруучу Медет Керимкулов кол койгон.

Бирок соода борбору курулган жок. 2004-жылы Бишкектин кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана жер боюнча шаардык башкармалыгы гүлзардын аймагын жеке менчикке өткөрүп берди.

Кийинки жылдары ал жер колдон колго өтүп, акыры учурдагы ээси SK Hotel ЖЧКсына берилди. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, компания каржылык ортомчулук жаатында жардам берүү менен алектенет.


2007-жылы жергиликтүү тургундар мэрия жана жердин ээси менен соттошушкан. Алар соттон жер мыйзамсыз менчиктештирилген деп  табууну өтүнүшкөн – ошондо гана гүлзарды калыбына келтирүүгө болот эле. Ал иш Жогорку сотко чейин жеткен, бирок жарандар соттон утулуп, гүлзарды кайтарып алалбай калган.


Ондогон жылдар бою ал жерге дубал орнотулуп, кайта бузулуп, гүлзарга унаа токтотуу жайын ачкандар да болду, ал эми бак-дарактар, жашоочулардын айтымында, атайын кыйылып жатты.

Гулзарды бузуп, тротуарды жок кылуу

Кадарстрдын маалыматы боюнча, гүлзардын аймагы бир нече тилкеге бөлүнгөн. Бири – жеке менчикте, анда бизнес-борбору курулууда. Экинчиси – муниципалдык менчикте, анын максаттуу дайындалуусу «унаа короосу» деп белгиленген.

2016-жылы «Бишкек башкы архитектура» (ББА) ал жерге көп кабаттуу унаа токтотуу жайын курууну сунуш кылган эле. Ал жерде сунуш гана берилгени, ал эми аны бекитүү жана ишке ашыруу алардын милдетине кирбесин айтышты бизге мекемеден.

Тосулган аймактын жарымы муниципалдык менчик / Кадастрдан скриншот

Гулзар тосулган дубал коомдук аймакты да ээлейт. Мэриянын маалыматына ылайык, бизнес-борбор курула турган аймактын аянты – 4,4 миң чарчы метр. Бирок дубал 5,5 миңден ашуун чарчы метрди ээлейт.

Жер ресурстары башкармалыгы «SK Hotel» компаниясы менен 2,8 миң чарчы метр жерди «жакшыртуу жана тейлөө» максаты менен беш жылга келишим түзгөнүн буга чейин мэриядан билдиришкен.

Darek.kg'ден скриншот

Даректүү регистрге ылайык, гүлзардын боюнча тротуар болушу керек эле, бирок ал жок. Дубалдын боюн толугу менен унаалар ээлеп алган – жөө жүргүнчүлөр унааларды аралап, шагыл жана чаң баскан жол менен басууга аргасыз.

Тротуардын ордундагы унаалар жана баткак / Фото: Peshcom

Генплан, жашоочулар жана мэрия эмне дейт?

«Элестеткиле, терезеден Жеңиш аянты көрүнүп, күн батышты байкоого мүмкүнчүлүк ачылат. Анан 20 метр аралыкта 15 кабаттуу там курулду. Терезедеги көрүнүш калкаланды да калды», — дейт Бакыт.

Жанына бизнес-борбору курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн тургундарынын айтымында, алар курулушка уруксат беришкен эмес, гүлзарды калыбына келтирип бергиле деп суранышкан.


Бирок, 2019-жылдын июнь айында үй башчы «SK Hotel» (жердин ээси) келишим түзүп, ага ылайык, компания үйдүн чатырын, кире бериштерин, футбол талаасын жана башка объектилерин оңдоп бермек. Ал эми жашоочулар бизнес-борбордун курулушуна тоскоол болбошу керек деп айтылган. Бирок, Бакыттын айтымында, жашоочулардын ал келишим тууралуу кабары жок эле, алар курулушка уруксат беришкен эмес.


Имаратты «Мега Строй» компаниясы курууда. 2013-жылдан 2016-жылга чейин ал коңшу турган «Victory» турак-жай комплексин курган.

Октябрь айы бою биз «Мега Строй компаниясына кат жазып, алардын расмий көз карашын билгибиз келди, маалымат кызматына да телефон чалдык, бирок бизге жооп берилген жок.


Кызыгы, «Мега-Строя» сайтында Victory турак-жай комплексинин сүрөттөру арасында калыбына келтирилген гүлзар жана оргуш көрсөтүлгөн.


Darek.kg даректүү каттоо сайтында ал аймак эмдигиче «кароосуз калган сейил бак» деп белгиленген. Ал эми Жер кодексинде сейил бактар жана гулзарлар жалпы пайдалануудагы жер – ал менчикке берилбейт, жана ал жерде жеңил конструкциядагы курулуштар гана курулат деп жазылган.

Биздин сурамга мэриядан, жеке менчикке берилгиче, ал жер «жашылдандыруу аймагы жана турак-жай куруу жери деп белгиленип, гулзар макамына ээ эмес болчу, деп айташты

«"Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" макамы куруучулар үчүн курууга тыюу салуу дегенди билдирет», – дейт шаар бийлигинин чечими боюнча өз пикирин билдирип «Биздин укук» фондунун укук коргоочусу Светлана Антропова.

Бизнес-борборду куруу макулдашылган жана баары мыйзамдуу деп жооп беришти мэриядан. Курулуш долбооруна ылайык, Ибраимов, Фрунзе, Гоголь жана Огонбаев көчөлөрүндөгү аймакта мейманканасы бар бизнес-борбор жана жер алдындагы унаа токтотуу жайы курулмакчы деп кошумчалашты мэрияда.

Бирок, Бишкектин аймактарын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки генпланына ылайык, гулзардын аймагы «жалпы пайдалануудагы шаардык жашылдандырылган аймак» деп белгиленип, ал аркылуу негизги жөө байланыштар өтүшү керек деп белгиленген.

Сейил бак жерлерин менчиктештирүү

Ибраимов менен Огонбаев көчөлөрүндөгү гулзар – Бишкектеги сейил бактар аймагынын кыскарып, ал жерлер менчиктештирилип, курулуш иштеринин жүрүүсүнүн үлгүсү.

Мисалы, акыркы беш жылдан бери Айни менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Слоники» гулзарына куруу иштерин жүргүзүү аракети көрүлүп келет. Жыш отургузулган бак-дарактардын арасында жаныбарлардын скульптуралары орнотулуп, спорт аянтчасы жайгашкан. Бул чакан коомдук аймак совет мезгилинде жасалып, бирок 2015-жылы жашоочулар жана «Шаардык демилгелер» коомдук фондусу тарабынан калыбына келтирилген.

2015-жылы калыбына келтирилген «Слоники» гулзары / Фото: жергиликтүү тургун
Курулуш компаниялары менен күрөшүүдөн кийинки «Слоники» гулзары, 2021-жылдын сентябры / Фото: Peshcom

Көрсө, 2000-жылдардын башында мэрия бул жерди курулуш үчүн берип салыптыр. Бирок жергиликтүү тургундар бул жөнүндө 2015-жылы гана билишти. Ошол жылы бир нече курулуш компаниясы ал жерге көп кабаттуу тамдарды кура баштап, 60ка жакын бак-даракты кыйышкан.


Беш жылдан ашуун жашоочулар сотко кайрылып, гулзарды сактап калуу үчүн күрөшүштү. «Ошол жылдары абдан тынчсыздандык, ыйладык, ал жер үчүн салгылаштык», — дейт жергиликтүү тургун Диана.


2021-жылдын сентябрында Жогорку сот жашоочуларды колдогон чечим чыгарды. Жаныбарлардын скудьптуралары жана «Онурхан» компаниясы турак-жай курууга аракеттенген спорт аянтчасы сакталып калды. «Эми дасторкон жайып, жеңишибизди майрамдайлы деп жатабыз. Баарыбыз [жашоочулар] ошол жылдары абдан достошуп алдык», — деп кубанат Диана. Анын айтымында, алар коомдук жайды кайтадан калыбына келтиришмекчи.

Бирок, «Слоники» гулзарынын жарымына – бак-дарактар тигилип, отургучтар орнотулуп, Чатыр-Көл кинотеатрынын жана жаныбарлардын скульптуралары тургузулган аймактын ортосунда жайгашкан чакан кафенин ордуна көп кабаттуу үй кура калышты. Диананын айтымында, ал там көптөгөн мыйзам бузуулар менен курулган, ошондуктан прокуратура бүгүнкү күнгө чейин ал курулушту иликтөөдө.

2014-жылдын соңундагы гүлзар, скульптуралардын артында бак-дарактар өсүп турчу / Фото: жергиликтүү тургун

Кычан Жакыпов атындагы сейил багы — Бишкектеги кайгылуу тагдырлуу дагы бир жашыл аймак. Ал Абдрахманов менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, Бишкектеги эң эски сейил бактардан. 1951-жылы сейил бактын аймагында Пионерлер үйү курулуп, балдар жана жаштардын чогулган жерине айланган. Ошол жылдары сейил бактын аянты 9 гектарга жакын жерди ээлечү.

Советтер Союзу кулагандан кийин ал жер кароосуз — бак-дарактар сугарылбай, таштандылар тазаланбай калган. Кийин ал жерге турак-жайлар курула баштады. 2000-жылдын башында сейил бактын аянты төрт гектарга чейин кыскарды.

Ошол эле жылдары, сейил бак Маданият министрлигинин балансында болгондуктан, мекеме анын жарымын «Дордой» футбол ассоциациясына 49 жылга ижарага берет. Ассоциация ал жерге футбол талааларын курду. Ошондон бери сейил бакка байланыштуу чыр-чатактар башталды.


Учурда сейил бактагы бак-дарактар соолуп, чоп өспөй, отургучтар сынып бүттү. Мэриянын маалыматына ылайык, сейил бакты Маданият министрлиги менен «Кыргызреставрация» карашы керек.


«Маданият министрлиги — чарбалык субъекти эмес. Ал жактагылар өздөру барып, дарактарды сугармак беле? Алар маданият жаатындагы саясат менен алектенет, аймакты жашылдандырбайт. Ансыз деле аны жасабайт. Сейил бактар министрликтин балансында турбашы керек», — дейт «Шаардык сейил бактар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева. Анын пикиринде, сейил бак башка гүлзарлар сыяктуу мэрияга берилиши керек.

Дарактардын соолуп, турак-жайлардын курулушу Бишкектеги чакан гулзарларга гана тийешелүү эмес, ири сейил бактардын абалы да ушундай. Мисалы, 20 жылдын ичинде шаардагы эң чоң Ататүрк сейил багынын аянты үч эсе кичирейди. Ошончо жылдын ичинде анын аймагын аткаминерлер, сот кызматкерлери жана бизнесчилерге курулуш иштерин жүргүзүү үчүн берип салышты.

Эгемендүүлүк жылдары Кара жыгач сейил багынын аймагы да болжолу менен 60 пайызга кыскарды — 216 гектардан 130 гектарга чейин. Себеби баягы эле — маморгандарындагы жемкорлук жана мыйзамсыз курулуш иштери.

Укук коргоочу Светлана Антропованын айтымында, шаардыктарды көбү жашылдандырылган коомдук аймактарды сактай албай келет. Анын негизги себептери сотко арыз берүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана мыйзамдардын кайтадан жазылышы.


Анын айтымында, мүмкүнчүлүктөр аз, себеби мэрия сейил бактарын курулуш иштерине өзү берип, анан сотко келгенде, ал жерде «Силер жерди өзүңөр бербедиңер беле» деп, ишти токтотуп салышат.


«Бул коркунучтуу нерсе. Тилекке каршы муну биз гана, жашоочулар түшүнөбүз. Аткаминерлер ыш жана экология жөнүндө айтканы менен, жашылдандырылган аймактарды өз колдору менен жок кылууда», — деди ал.

Жашыл аймактарды кыскартуу эмнеге алып келет жана бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору барбы?


«Арча демилгеси» коомдук фондусу жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, 2020-жылы сейил бактар жана гүлзарлар шаардын 3-ко жакын пайызын ээлечү. Курулуш ченемдерине ылайык, шаарды пландаштырып, калктуу пункттарды курууда шаар чегиндеги жашылдандырылган аймакты аянты 40 пайыздан кем эмес болушу талап.


Жашыл аймактарды кыскарышы жана алардын шаар ичиндеги тегиз эмес жайгашышы социалдык-экологиялык теңсиздикти жаратат — шаардын 60тан ашуун пайызы сейил бактарга жана гүлзарларга жөө жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп салат.

«Учурда райондук маанидеги сейил бактары өнүкпөй турат. Ал эми жаңы сейил бактары шаардын түштүк жагында гана курулууда. [...] Жашылдандыруу — бул да шаардын инфраструктурасы. [Алардын азайышы] ден соолугубуздун начарлашына алып келет. Шаардыктар үйүнүн жанында сейилдеп, аптаптан жашынып, бак-дарактардын астында коопсуз сейилдөөгө укуктуу», — дейт «Арча демилгесинин экологу Дмитрий Ветошкин.


Кыргызстанда кабыл алынган ченемдерге ылайык, шаардын ири сейил бактары на чейин 20 мүнөтто жөө жетип, ал эми чакан сейил бактарына 15 мүнөттө жеткидей аралыкта жайгашышы керек. Бирок шаардыктар сейил бактарга жөн гана сейилдеп келиш үчүн унаа менен же коомдук унаа менен жете алат.


Дмитрийдин айтымында, жашылдандыруу шаардык мобилдүүлүктү жакшыртат — мурда ири сейил бактар жана райондук гүлзарлар болгондуктан шаар жашыл чубамаларга толуп турган. «Жол жээгине бак-дарактарды отургузуп, райондук сейил бактарын көбөйтсөк, шаардыктар жөө басканды жактырып калат».

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму түшүндүргөндөй, жашыл аймактар болушу керек, себеби алар социалдык таасирди, адамдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртып, стресс жана ызы-чуу жана абанын булганышы сыяктуу экологиялык тобокелдерди азайтат.

«Шаардык сейил бактардын» жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, колдо бар жашыл аймактарды сактап калуу үчүн аларга укуктук макам берүү керек: «Сейил бактын чеги чийилген болсо, мэрияда анын укугун бекитүүчү документтери бар, демек ал мыйзам тарабынан корголгон. Анда эч ким ал сейил бакка кол тийгизүүдөн коркот».

Аймакка сейил бак же гүлзар расмий макамын берүү үчүн Бишкектин шаардык кеңешине арыз жазуу керек. «Алар макам берип, мэрия көрктөндүрүү үчүн жер бөлүп берет, Бишкекбашархитектура корутундусун берип, анан сейил бак же гүлзардын долбоору жазылып, ал коргоого алынат», — дейт Калича Умуралиева.

Автору: Алексей Журавлёв

Редакторлору: Рада Валентина кызы, Анна Капушенко

Котормочу: Асел Жоокаева