Дүйнө чемпиону Акматалиев: Аялдарды сабаган эркектер күчүн спортзалдан чыгарсын

Сүрөт: prosports.kg/

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиев аялын урган эркектерди сынга алды.

«Өзүнүн күчүн аял затынан чыгарган туура эмес. Андай эле күчтүү болуп жатса, залдарга келсин же кандайдыр бир жактарга жардам берсин. Такыр болбой баратса иштесин», — деп билдирди спортчу «Азаттыктын» «Азыркы кыргызстандык» радио подкастына курган маегинде.

Подкаст «Азыркы кыргызстандык»/«Азаттык»

Ал Кыргызстанда аны ойлондурган көйгөйлөр көп экенин белгилеп, бирок жаштар «билимдүү жана тарбиялуу» экени сүйүндүрөрүн айтты.

«Азыркы өсүп келе жаткан жаштардын таалим-тартиби, тарбиясы бар экенине, тарбиялуу жаштарды көрүп сүйүнөм. Келечек жаштардын колунда», — деп ой бөлүштү Акматалиев.

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган.

Дагы окуңуз:

В Кыргызстане снова зафиксирован рост случаев семейного насилия

На виду у всех. Как женщины в Кыргызстане подвергаются насилию в семье и почему виновных сложно наказать

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн чөлкөмдөгү эң эле кооптуу өлкө

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт