«Байлар менен куда болууну каалагандар көп». Талапкер Абдыкеримов «кызына» күйөө издеп жатат

10-ноябрда бир катар кыргыз ЖМКлары депутаттыка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов улуу кызына күйөө издеп кастинг жарыялаганы тууралуу маалымат жарыялашты.

Маалыматта кастинг 19-ноябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтөт деп айтылат.

«Кыргызстандын бай адамдарынын бири менен куда-сөөк болууну каалагандардын саны абдан көп, алардын катарында коңшу өлкөлөрдүн жигиттери да бар деп билдиришти штабдан», — деп айтылат ЖМКлардын маалыматында.

Аталган макала ЖМКларда үгүт материалы катары жарыяланып, талапкердин шайлоо фондунан төлөнгөн.

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу «Клооптун» журналистине үгүт материалын текшерип, анын чоо-жайын кийин түшүндүрүп берүүнү убадалады.

«Акипресс» басылмасы үгүт материалын жарыялаган учурда кыздын сүрөттөрүн да чыгарган. Ачык булактардан аталган кыз Улуттук олимпидалык комитеттин менеджери Жибек Молдоева экенин көрүүгө болот. Мындан тышкары Юстиция министрлигиндеги маалыматы боюнча, Молдоева «ССК 9х19» спорттук ок атуу клубунун ээси.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Искендер Абдыкеримов дагы бар. Ал талапкердин уулу болушу мүмкүн. Ошондой эле, Молдоеванын ысымы «Евразиялык лицей-мектеп» окуу тарбия комплекси коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн тизмесинде жүрөт.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоого Молдоева «Кыргызстан» партиясы менен барган. Ал партиянын тизмесинде 36чы болчу.

Жибек Молдоева Абдыкеримовдун чындыгында эле кызы экенин тастыктоого мүмкүн болгон жок. Анткени «Азаттыктын» маалыматы боюнча Жибек Абдыкеримовдун жубайынын эжесинин кызы.

Шаршенбек Абдыкеримов деген ким?

Абдыкеримов — «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын учурдагы депутаты. Ошондой эле, Абдыкеримов Кыргызстандын улуттук олимпиада комитеттин жетектейт. Келе жаткан шайлоого ал Нарын бир мандаттуу округунан талапкер катары катышууда.

Мындан тышкары Абдыкеримов «Аю Холдингдин» карамагындагы арак өндүргөн «Аю» заводунун негиздөөчүсү болуп саналат.

Ага үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык экени белгилүү. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2014-жылы жер тилкесин сатуудан 110 млн. сом жана автоунаа сатуудан 2 млн. сом каражат тапкан.