COVID-19: Кыргызстанга 115 миң доза Moderna вакцинасы келди

Кыргызстанга 25-ноябрда коронавируска каршы Американын Moderna вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында билдирди.

Сүрөт: Эдил Байсаловдун Твиттери

Байсаловдун айтымында, вакцина өлкөгө COVAX глобалдык программасынын алкагында жеткирилген. Маалыматка ылайык, өлкөгө Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы берилди.

Вакцина 18 жашка толгон каалоочулардын баарына сайылат. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 28 күн болушу керек. Бишкек шаарынын тургундары үчүн Moderna 2 күндөн кийин жеткиликтүү болот, ал эми аймактарга препарат 10 күндүн ичинде жеткирилет.

Өлкө боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана июлда башталган.

Ага карабай өлкөдө эмдөө ыргагы бийлик күткөндөй анчейин жогору эмес.

Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөрүүнү каалайт.

«Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт», — деп билдиришкен 5-августта Республикалык штабдан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25-ноябрга карата вакцинанын биринчи дозасын бир миллиондон ашык киши алган. Экинчи доза менен 870 миң киши эмделген.

Учурда Кыргызстанда коронавируска каршы төмөнкү вакциналар жеткиликтүү:

  • Sinopharm
  • Moderna
  • Sputnik V
  • AstraZeneca
  • QazVac
  • Pfizer

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлиги вакцина алган жарандарга ревакцинация (кайталап эмдөө — ред.) да жеткиликтүү экенин билдирген.

Буга чейин Республикалык иммунопрофиликтика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова «Акипресс» басылмасына курган маегинде ревакцинация үчүн Moderna препараты да колдосо болорун билдирген.