Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында талапкер Купешов да бар

Бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган 15 адамдын арасында «Кыргызстан Жашылдар партиясынын» талапкери Бекназар Купешов бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу Купешовдун Деңиз Бекишев «Азаттыкка» билдирди.

Бекишев УКМК инисин өз үйүнөн кармаганын белгиледи.

«15 киши кармалды деген маалымат чыкпадыбы, ал ошолордун катарында экен. Ал “Эл ынтымагынын” катарында болчу. Аны Бишкектин Тунгуч кичи районундагы үйүнөн кармады. Жөнөкөй эле жүрчү, такси кылчу, өзүнүн деле үйү жок, батирде турчу, ишкер деле эмес», — деди ал.

Бекишевдин айтымында, Купешов буга чейин «бийлик элди карабайт, жаштар көчөдө талаадабыз, жарымы мигрант болуп кетти» дегендей пикирин Фейсбук барагына жазып жүргөнүн кошумчалады.

Бекназар Купешов 40 жашта. Ал «Кыргызстан Жашылдар партиясы» менен парламенттик шайлоого аттанган. Партиянын тизмесинде ал жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери 26-ноябрда бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсүн кармаган. Шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алуунуну пландашкан деп айыпталууда.

Тинтүү учурунда табылган далилдер. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМКнын басма сөз кызматы бул кылмыштуу топту депутаттар жана экс-чиновниктер жетектеген деп билдирген. Азырынча атайын кызмат бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун мүчөлөрү жана жетекчилери ким экенин ачык айта элек.

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда айрым саясатчылар куралдуу төңкөрүш пландап жатканын билдирген. Жапаров бийлик аларды билерин жана шайлоодон кийин кармала турганын эскерткен.

«“Повод” жок эле митингге чыга бергендер катуу жазасын алат. Биз өзүбүз дагы “повод” бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол», — деп белгилеген ал.

Январдагы президенттик шайлоонун алдында Жапаровдун жакын досу, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы ушундай эле сөздөрдү айткан эле.

Өткөн жылдын декабрында Ташиев президенттикке аттанган айрым талапкерлер шайлоодон кийин кырдаалды курчутууга камынып жатканын билдирген.

Тема боюнча:

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсү кармалды

Жапаров: Анча-мынча саясатчы куралдуу төңкөрүш пландап жатат, аларга катуу чара көрүлөт