Алдын ала жыйынтык боюнча Кара-Суу округунда Искендер Матраимов алдыда

Искендер Матраимов.

Ош облусунун Кара-Суу шайлоо округунан талапкерлигин койгон Искендер Матраимов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен добуштардын дээрлик 62,36 пайызына ээ болду.

БШКнын маалыматына ылайык, учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 98,83%ы саналып бүттү. Ал эми Матраимов үчүн 22 134 адам добуш берген.

Кара-Суу шайлоо округу боюнча жалпы 100 484 шайлоочу бар, алардын 35 459у добуш берди.

Матраимовдон башка Кара-Суу шайлоо округунан дагы алты талапкер ат салышкан. Алар — Нурсултан Абдыразаков, Бөкөмбай Жаныбеков, Элнур Акылбков, Толкун Эргешов, Гавхарбек Толкунбеков жана Бакытбек Бакир.

БКШнын сайтынын скриншоту.

Искендер Матраимов «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранты Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында УКМК Матраимовду кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Матраимов сотто бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган. Иш жүзүндө Кыргызстандагы эң эле чуулгандуу окуя 3 миң долларлык штраф менен аяктаган десе болот.

Салынган 260 миң сом айып Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган 700 млн доллардын 0,00043%ын гана түзөт. Ал эми мамлекетке төгүлгөн 24 млн АКШ доллары — бул коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылып кеткен сумманын дээрлик 3,5%ы.

Искендер Матраимов өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Аталган партия Матраимовдорго караштуу деп айтылып жүргөн. Партия шайлоодо экинчи орунду алган.

Анткен менен добуш сатып алууга, шайлоочуларды массалык каттатууга жана административдик ресурс колдонууга айыпталган партиялардын катарына «Мекеним Кыргызстан» да болгон. Шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам бир жыл мурун дал ушул күнү бийлик алмашкан, ал эми БШК шайлоону жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Искендер Матраимов парламенттик шайлоого катышуу үчүн Кара-Суудан арыз берди

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар