Садыркуловдун аялы: Күйөөмдү өлтүргөнгө буйрук бергендер чет өлкөдө жыргап жашап жүрүшөт

Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова бийликти күйөөсүнүн өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн барын камоого чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү Садыркулова шектүүнүн бири кармалгандан кийин жасады.

ИИМ 26-ноябрда Санжар Сапарбеков кармалганын билдирди — ал Садыркуловдун көзүн тазалоону аткарган негизги айыпталуучу деп эсептелет. Алгач ЖМКлар жеке булактарына таянып, Сапарбеков үй камагына алынганын кабарлашкан. Көп өтпөй эле ИИМ ал ТИЗО-1ге 2 айга киргизилгенин маалымдады.

«Кимдир бирөө бул акмактарды камай алабы? 12 жылдан бери чартаңбай тээп, жазасыз жашап жүрүшөт. Канкорлор кылмыштарына жооп берген күн келеби же бул өлкөдө андай болбойбу? […] 12 жыл болуп калды, буюртма бергендер да, буйрутманын түздөн-түз аткаргандар да чет өлкөдө чартаңбай тээп жашап жүрүшөт. Бул аралыкта сот чечими болсо да буларды эч ким алып келе албай койду... Алар кайда экенин бүт өлкө билчү, кыязы бийлик билген эмес окшойт», — деп жазды Садыркулова Инстаграм барагында.

Санжар Сапарбеков — кикбоксинг боюнча чемпион жана экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин (өспүрүм кездеги досу) жакыны. Бул иште 2011-жылдан тартып айыпталуучу болуп өтүп жаткан. Анда ал кыргыз ИИМи тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сапарбеков алгач Садыркуловду эсин оодара муштаган. Каршылык көрсөтө албас болгондо мойнуна жип салып муунтуп өлтүргөн.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2011-жылы Санжар Сапарбековдун бир тууганы — Данияр — ИИМдин бир башкармалыгында жетекчи болуп иштегенин, ал кызматтан көпкө чейин алынбаганын билдирген.

Садыркуловдун өлүмү

Медет Садыркулов — президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси жана анын «Ак-Жол» партиясын негиздегендердин бири. Садыркулов 2009-жылдын 13-мартында табышмактуу жагдайда каза тапкан.

Ал убакта бийлик ачыктаган алгачкы версияга ылайык, Садыркулов бараткан «Лексусту» ак түстөгү «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, натыйжада жолтандабас өрттөнүп, ичиндеги Садыркулов жана анын досу, тагыраагы, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченко, ошондой эле айдоочу Кубат Сулайманов каза тапкан.

Өлүм коштогон авто кырсыкка Ош облусунун жумушсуз тургуну Өмүрбек Осмонов күнөөлү деп табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Өмүрбек Осмонов киши колдуу болуп, сөөгү Бишкектен алыс эмес жердеги жаңы конуштардын биринде табылган. Белгисиз адам ага 11 жолу бычак сайганы белгилүү болгон.

Үрөй учурган бул кылмыш Бакиевдер кланы бийликтен кулагандан кийин гана бети ачылган. Кийин коомчулукка белгилүү болгондой, Садыркулов менен бозгун президенттин иниси Жаныбек (Жаныш) Бакиевдин мамилеси начар болгон.

Бакиев 2010-жылы апрелде тактан кулагандан кийин Садыркуловдун өлүмү боюнча иш кайра тергеле башталган. Бир тууган Бакиевдер өлкөдө төңкөрүш уюштурууга камынып жаткан экс-чиновниктин көзүн тазалоону уюштурууга, кийин анын өлүмүн автокырсык катары имитациялоого айыпталышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Медет Садыркулов бараткан унааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери токтоткон. Мелис Турганбаев 2011-жылы ИИМдин башчысынын орун басары болуп турганда иш боюнча 26 адам шектүү катары өтүп, алардын 17си кармалганын билдирген. Алардын арасында милиция жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызаткерлери дагы бар.

Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев Беларустун Минск шаарында, ал эми Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт.

Тема боюнча:

Сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кароону аяктады

Садыркуловго кесилген манжа менен кулак жиберген адам кое берилиши мүмкүн