Ошто тазалыкка кайдыгер караган тургундар менен күрөшүү үчүн видео камералар коюлду

Ош шаардык мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды көп төгүлүүчү контейнерлердин жанына видеобайкоочу камераларды орнотуп жатат. Калаа бийлиги муну менен таштандыны мыйзамсыз ыргыткан жана белгиленбеген жайга төккөн жарандар менен күрөшүүнү каалайт.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, «шаар тазалыгына кайдыгер караган» тургундарга алгач айып пул салынат. Эгер тургундар жоругун кайталай берсе алардын сүрөт-видеолору соцтармактарга жарыяланып, аларды уяткаруу жагы каралат.

Демилге атайын долбоор тарабынан каржыланып, камера 20 жерге коюлат. «Ош-Тазалык» ишканасынан белгиленбеген жерге таштанды төгүп кеткендердин айынан «шаар булганып, оор курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп калууда» деп билдиришти.

«Ош-Тазалыктын» бул иш-чарасы соцтармактын колдонуучуларынын арасында ача пикирди жаратты. Айрымдар демилгени колдошсо, башкалар «мунун ордуна таштанды таштоочу контейнерлердин санын көбөйтсө болмок» деп сындашты.

«Камерага кеткен каражатка таштандыны эки маал ташыгыла. Шаар мурункудай кирге айлана баштады. Камера бул “блатнойчулук показуха”», — деп жазды соцтармактын колдонуучуларынын бири.

Таштанды талаасы жок туруп, аны кайра иштетчү завод курууну каалаган мэрия

Оштун таштанды талаасы, 2018-жыл. Сүрөт: Нуртаза Абдиев, Kloop үчүн.

Август айында Ош мэриясы Түркиянын Biotrend Energy компаниясы шаарга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп берерин билдирген. Компания бир айдын ичинде курула турчу заводдун долбоорун көрсөтүп, анын технико-экономикалык негиздөөсүн иштеп чыкмай болгон.

Андан сырткары долбоорду каржы менен камсыздап, даярдык көрүү, долбордоо, курулуш жүргүзүү жана ишке берүү процесстерин ишке ашырылары айтылган.

Бирок таштандыны кайра иштетүүчү завод кантип иштери белгисиз. Себеби Ош шаарындагы таштанды талаасына акыр-чикирлер иргелбей, баары бир жерге төгүлөт. Калаада таштандыларды иргеп салчу үкөктөр да жок.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) 2012-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына дээрлик 11 млн евро бөлгөн. Анын 6,5 млн сому полигон курууга жумшалмак. Каражаттын жарымы насыя, жарымы кредит катары берилген.

Бирок таштанды полигонун курууга тендер тогуз жылдан бери жарыялана элек. Буга шаар бийлиги полигон курууга жер таппай койгону себеп болгон. Калаанын өзүндө ылайыктуу жер болбогон эмес, коңшу райондор тилке бөлүп берүүдөн баш тартышкан.

2018-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы таштанды талааны эскисинин жанына курууну чечкен. Анткен менен арадан үч жыл өтсө да полигондун курулушу баштала элек.

Дагы окуңуз: Ош шаарына жаңы таштанды талаа эмне үчүн курулбай жатат? Түшүндүрөбүз