«Голос» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав убактылуу Кыргызстанга келди

Орусиянын «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Кыргызстанга келди. Волкодавды «Манас» аэропортунан жакындары, журналисттер жана Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды.

Алар жеңүүчүгө тартуулоо үчүн букет көтөрүп, «Өлкөнүн сыймыгысың!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Волкодав эки өлкөдө жашоону пландап жатканын, маал-маалы менен Орусияда да, Кыргызстанда да болуп турарын билдирди. Ал жакында Орусияда концерттер башталарын, ал жакка тез-тез барууга туура келерин белгиледи.

«Кеп көчүп кетүүдө эле эмес, балким концерттик иштер, башкача айтканда, келишимге жана концерттерге байланыштуу. Мен көп убактымды Москвада өткөрөм го, бирок баары бир мекен деген — мекен. Мен дайыма келип турам. Бирок кандай болгон күндө да мен эки өлкөдө болом», — деп билдирди Волкодав.

Волкодав Кыргызстандын энергетикасы менен чыңданууга, Ысык-Көлгө барып келүүгө, анын ичинде жакындары жана достору менен көрүшүүгө келгенин айтып берди.

«Мени тосуп алыш үчүн убакыт таап келгениңерге кубанычтамын. Бишкекти сагындым. Бул жакка кайра келгениме сүйүнүп турам. Мынчалык жылуу жана шаң менен тосуп алууну күткөн эмесмин. Сыймыктанганымдан үнүм каргылданып турат. Мен үчүн жан үрөгөнүңөр үчүн баарыңарга рахмат. Он жыл ичинде биринчи жолу “Голосту” жеңип алуу жалпы үмүт болду окшойт», — деди Волкодав.

Александр Волкодавдун жеңиши

25-декабрда кыргызстандык Александр Волкодав Орусиянын музыкалык «Голос» шоусунун финалистти болгон. Жарым финалга чейин Supergirl, The Sound Of Silence чыгармаларын жана «Полонезди» аткарган. Ал эми жарым финалда «Черный ворон» ырын ырдаган.

Көрүүчүлөрдүн добушу менен жарым финалга чыккан сегиз атаандаштын ичинен төртөө тандалып алынган.

  • Александр Волкодав;
  • Алишер Каримов;
  • Элина Пан;
  • Ернар Садирбаев.

Финалдык концерттин башында ар бир артист өзүнүн устаты менен чыгышы керек болчу.Александр Волкодавга ырчы Пелагея устат болгон. Ал Пелагея менен белгилүү нидерланддык ырчы Дункан Лоуренстин Arcade ырын ырдаган.

Кийин Александр Волкодав Сергей Трофимовдун «Казачья» ырын ырдаган. Ал эми акыркы этапта «Луч солнца золотого» чыгармасын аткарган.

Жыйынтыгында Волкодав Орусиянын «Голос» шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү аталган.Ырчы буга чейин орус жана кыргыз тилдеринде Бишкек тууралуу ыр жазып, клип чыгарган.Волкодав Кыргызстандан «Голоско» барган алгачкы эле финалист эмес. Бешинчи сезондо Кайрат Примбердиев дагы финалга чыгып, жыйынтыгында үчүнчү орунга чыккан.