«Милиционерлер террорист кармагандай операция жүргүзүштү». Бекешев башкы прокурорго кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды. Бул тууралуу депутат 24-январда өзүнүн Фейсбук барагына жазды.

Темиров 22-январда баңгизатты сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоого шектелип кармалган, 23-январда эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган. Аны менен бирге төкмө акын Болот Назаровду дагы баңгизат сактаган деген шек менен кармашкан.

Бекешев көзөмөл органынан Болот Темировду жана анын командасындагы башка иликтөөчүлөрдү милиция менен УКМК кызматкерлеринин таасирирнен коргоону суранды. Ошондой эле, ал Темиров жана Назаровдун ишин карап чыгып, Temirov Live командасынын иликтөөсүндө келтирилген фактылар боюнча жеке иликтөө жүргүзүүнү жана ага укуктук баа берүүнү өтүндү.

Ошондой эле, депутат мындан ары укук коргоо органдары ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган учурда Башкы прокуратура тез арада чара көрүшү керек деп эсептейт.

Бекешев «укук коргоо органдары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын мунай зат бизнеси тууралуу журналисттердин иликтөөсүн териштирүүнүн ордуна, Темировдун офисинде террорист же өзгөчө кооптуу кылмышкерди кармагандай атайын операция жүргүзүштү» деп белгиледи.

«Жыйынтыгында Темиров менен Назаровго баңгизатты сактоо тууралуу түшүнүксүз айып тагылган. Эмнегедир милиция кызматкерлери баңгизатты сактоого эч кандай байланышы жок техникаларды алып кетишкен», — деп жазды Бекешев.

Депутат «Темировдун кеңсесин тинтүүдө жарандар милиционерлердин аты-жөнүн сураганда, өздөрүн тааныштырбай, өзгөчө учурларда гана кийилүүчү атайын беткаптарды кийип, мыйзамды бузушту» деп жазды.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине ит ээрчиткен беткапчан адамдар кирип келип, журналисттердин баарын жерге жаткырып, тинтүүгө алышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон буюмду салып, көп өтпөй алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Өздөрүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар Болот Темировдун кеңсесинен процессор, камера жана документтерди алып чыгып кеткен.

Кыргызстандын медиа коомчулугу кайрылуу жасап, күч түзүмдөрүнүн аракеттери журналисттердин ишмердүүлүгүнө тикелей кысым көрсөтүү экенин белгилешкен.

23-январда Темиров эч жакка кетпөө тил катынын негизинде чыгарылган, бирок тергөө иштери улана берет. Темировго сатуу максатын көздөбөстөн, баңгизат даярдоо боюнча айып тагылган.

Ошондой эле айып анын кесиптеши Болот Назаровго дагы ушундай эле айып тагылганы айтылды. Ошол күнү Назаров жумуш ордунда жок болгон. Кийинчирээк ал дагы кармалганы белгилүү болгон, бирок кесиптештери аны менен байланыша албай койгон — Темиров акынга дагы баңгизат салып коюшканын айткан.

23-январда Бишкек ШИИБдин алдында акынды колдоо митинги өткөн. Ошол эле күнү Назаровду эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотушкан.

Назаров өзүнүн кармалышын чыгармачылыгы менен байланыштырган. Төкмө акын Болот Назаров карапайым жарандардын жакырчылыгы, бийликтегилер жана коомдогу көйгөйлөр тууралуу төгүп ырдаганы менен белгилүү. Ал ырларынын биринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы сындаган. Мындан тышкары Назаров Temirov Live каналындагы иликтөөлөр тууралуу да ырдайт.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.