Орозайым Нарматованын мандаты тергөөчү болуп иштеген Айгүл Айдаровага берилди

Айгүл Айдарова. Сүрөт: БШКнын басма сөз кызматы

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Айгүл Айдаровага депутаттык мандатты тапшырды. Ал мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованын ордуна келди.

32 жаштагы Айдарова ал Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо дагы «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинде болгон.

20-январда Боршайком Орозайым Нарматованын талапкер катары каттоосун жокко чыгарып, мандатынан ажыраткан. Буга УКМК жана билим берүү министрлигинин Нарматованын жогорку билими тууралуу берген маалыматы негиз болгон — атайын кызмат саясатчы Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) «мыйзамсыз кабыл алынган» деп эсептейт.

Шайлоо мыйзамына ылайык, жашы 25тен өйдө, жогорку билим бар адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Анын эртеси күнү Нарматова БШК анын мандатын «мыйзамсыз тартып алганын» билдирип, бирок бул чечимге сотко даттанбай турганын айткан. Нарматова «сот адилеттигине ишенбестигин» белгилеген.

«Диплом иши»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15-январда ЖАМУнун кызмат адамдарына карата «Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган фактысы боюнча» кылмыш иши козголгонун билдирген. Иштин алкагында Нарматова жана анын атасы суракка чакырылышкан.

УКМК парламенттик шайлоо учурунда Нарматова 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалымат түшкөнүн кабарлаган.

«Тергөө учурунда ЖАМУда сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова Орусиянын аймагында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп кабарлашкан атайын кызматтан.

Нарматованын өкүлү Мирлан Ураимов Боршайкомдун отурумунда саясатчы Москва шаарындагы Бизнес коллежди 2011-жылы аяктаганын билдирген. Ошондой эле ал ЖАМУнун кызматкерлери Нарматованын документтерин «жок кылып салышкан» деп айыптап, учурда Орусиядан документтердин көчүрмөлөрүн алуу аракеттери болуп жатканын билдирген.

Нарматова өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген. Ал шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө анын тарапташы болчу. Ал Жапаровду чет өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенде активист Нарматова Жапаровдон «көңүлү калганын» билдирип, жүргүзгөн саясатын кескин сынга алган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Нарматова оппозиячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бирге парламентке депутат болуп келген. Аларга Жогорку Кеңештен 6 мандат тийген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сындырып, уят кылабыз дегендей сыяктанат». Нарматова тергөөгө ишенбейт

Орозайым Нарматова аны кармоого буйрукту Ташиев өзү бергенин айтты

Орозайым Нарматова: Садыр Жапаровду айланасындагылар аңга түртүп кетээрине шегим жок