Дүйнө

Издөөдөдөгү кыргыз экс-министринин аялынын Швейцарияда банктык эсеби болгон

Автору
OCCRP

Капар Курманалиев Кыргызстанда коррупцияга айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин издөөгө жарыяланган. Буга карабастан Credit Suisse Курманалиевдин аялынын жок эле дегенде бир банктык эсебин тейлөөнү уланткан.

Наталья Курманалиева. Экс-жаратылыш ресурстар министринин мурдагы аялы


Банктык эсеби тууралуу маалымат: 

Эсептин түрү: Жеке

Эсеп колдонулган мөөнөт: 2008—2011

Максималдуу баланс: 1 402 690 швейцариялык франк


Капар Курманалиев Мамлекеттик геология агенттигинин башчысы катары Кыргызстандын эң баалуу кендерин көзөмөлдөп турган.

Бирок ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тактан кулашына алып келген 2010-жылдагы революциядан соң Курманалиев өлкөдөн качып кеткен. Кыргызстанда ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип сыртынан айыпталган. Бийлик кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыялагандан кийин да аны кайтарып келүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Швейцариянын Credit Suisse банкынын ачыкка чыгып кеткен маалыматтары Курманалиевге каршы кылмыш иши козголгонуна карабастан, экс-чиновниктин үй-бүлөсү Европанын чок ортосунда жок эле дегенде бир банктык эсепти колдонгонун көрсөттү. Кыргыз ЖМКлары мурда Курманалиевдин аялы деп жазып жүргөн Наталья Курманалиева эч кандай көзкарандысыз киреше булагы жок эле 2008-жылы Credit Suisse банкынан эсеп ачкан. Арадан бир жылдан соң, июль айында аталган эсепте 1,4 миллиондон ашык швейцариялык франк (1,3 миллион АКШ доллар) болгон.


«Credit Suisse’тин сырлары» долбоору тууралуу

«Credit Suisse’тин сырлары» — Швейцариянын эң ири банкы деп эсептелген Credit Suisse банкынан ачыкка чыгып кеткен банктык эсептерге негизделген трансчек аралык журналисттик иликтөөчүлүк долбоору.

Бул маалыматты анонимдүү булак Süddeutsche Zeitung немис гезитине берген, аталган гезит маалыматты OCCRP жана башка 46 өнөктөш медиа менен бөлүшкөн. Беш континенттин журналисттери банктык файлдарды изилдеп, инсайдерлер, тескөөчүлөр жана тергөө органдарынын өкүлдөрү менен баарлашып, колго тийген маалыматтарды сот материалдарынын жана каржылык отчёттордун жардамы менен текшерип чыгышты. Ачыкка чыгып кеткен документтерде 1940-жылдан тартып, болжолдуу 2010-жылдын ортосуна чейин ачылган 18 минден ашык банктык эсеп тууралуу маалыматтар бар. Жалпылап айтканда, бул эсептерде жүз миллиард доллардан ашык акча айланган.

«Швейцариянын банктык сыр боюнча мыйзамдары көңүл иренжитерине ишенем, — деп айтылат ачыкка чыгып кеткен маалыматты коштогон билдирүүдө. — Купуялуулукту сактоо милдети — бул Швейцариянын банктары үчүн салык төлөөдөн качкандарга абийирсиз жардамдашуунун көшөгөсү болуп эсептелет. Түзүлүп калган система коррупцияны жаратып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү зарыл салыктардан ажыратат», — деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттердин колуна тийген Credit Suisse банкынын маалыматтары толук эмес болгондуктан, аларды бир нече маанилүү жагдайларды эске алуу менен чечмелөө керек. Долбоор, маалымат булагы жана негизги жыйынтыктар тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.


Капар Курманалиев

Курманалиев мамлекеттик кызматкер болуп турганда өлкөдө чиновниктикиндей ишке орточо айына болжолу менен 240 доллар айлык төлөнчү. Ал 1990-2000-жылдары жеке сектордо кыйла эле көп киреше тапса керек, бирок Курманалиев «суммалар олуттуу» экенин айтып, кирешеси тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми Курманалиев иштеп кеткен компаниялар комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп бербей же болбосо андай маалымат беришкен жок.

2010-жылы бийлик Капар Курманалиевге кендерди пайдаланууга лицензияларды мыйзамсыз бергендиги боюнча кылмыш ишин козгосо да банктык эсеби ачык бойдон калган.

Кыргызстан салыштырмалуу жакыр болгону менен аймагында пайдалуу кен байлыктары бар: сейрек кездешүүчү металлдар, уран, сурьма жана Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири эсептелген Кумтөр кени. Курманалиев 1970-жылдары Фрунзеде геолог адистиги боюнча билим алган. Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан кийин Кумтөрдө иштеп, андан соң 16 жыл жеке секторго кеткен.

Курманалиев 2002-жылы эле мамлекеттин менчигин уурдоого айыпталган, бирок айыптын маани-маңызын билүүгө мүмкүн болгон жок. Шаардык прокуратура иш райондук милицияга өткөрүлгөнүн билдирди, бирок ал милициянын архивинен табылган жок.

2008-жылдын январында Курманалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеп баштаган. Көйгөй бир нече айдан кийин эле башталган, тагыраагы, бул Курманалиев Кумтөрдө алтын өндүрүүгө лицензиясы бар канадалык компания менен сүйлөшүүлөргө катышканына байланыштуу.

«Кумтөр» алтын кени — дүйнөдөгү эң ири кендердин бири жана Кыргызстандын ИДПсынын негизин түзөт. Сүрөт: Михаил Караванов / CC BY-SA 3.0

Парламентинин жыйынында жер казынасын пайдаланууга лицензияларды берүү маселеси талкууланып жатканда Курманалиев ошол кездеги вице-спикер Кубанычбек Исабеков менен кайым айтыша кеткен. Депутат Курманалиевди жыйында кызмат абалынан кыянат пайдаланууда деп айыптаган — Курманалиев лицензияларды өзүнө берип жатканы айтылган.

«Мен “Кумтөр” маселеси боюнча иштеп жатканда иликтедим, мага жаратылыш ресурстары министри, Курманалиев мырза таза эместиги тууралуу маалымат жетти [...] Ошондуктан [ага] көңүл бурдум», — деп билдирген Исабеков жакында эле журналисттерге курган маегинде.

2010-жылдагы революция экөөнүн тең жашоосуна түзөтүү киргизген. Курманалиев президент Бакиевдин башка жакын адамдары менен бирге Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал эми Исабеков коррупция боюнча иликтөөсүн токтоткон — парламент таркагандан кийин жер казынасын пайдаланууга берилген лицензияларды текшерүү боюнча комиссия да ишин токтоткон.

«Андан соң таркатуу болду, мен деле эч кандай укугу жок, силер сыяктуу жөнөкөй жаран болуп калдым. Ошентип эле баары бүтүп калган», — деди Исабеков.

Революциядан кийин Курманалиевге козголон кылмыш иши сотко өтүп, экс-чиновник 2014-жылы лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча сыртынан соттолгон.

Бир жылдан кийин Курманалиев башка дагы кыянаттыктарга айыпталгын. Жаңы өкмөт Курманалиев Канаданын Stans Energy компаниясына 2009-жылы сейрек кездешүүчү эки кенди иштетүүгө берген лицензияларын жокко чыгарган. Өкмөт лицензиялар мыйзамсыз берилгенин жана коррупция болгонун билдирген.

Ошол кезде Stans Energy мыйзамсыз экспроприациялоо боюнча Улуу Британиядагы арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган. Фирманын негиздөөчүсү Борис Арыев ага Курманалиев чалып, лицензия үчүн белгиленген суммадан эки эсе көп каражат сураган деп көрсөтмө берген. Кийин кынтык табылбашы үчүн төлөмдү татаал бурмалоолор аркылуу өткөрүү керек болгон. Бул, компаниядан түшүндүрүшкөндөй, мыйзам чегинде тендер өткөрбөөгө жол ачмак.

Кыргыз өкмөтүнүн юристтери ал пара опузалоо экенин, 863 550 доллар өлчөмүндөгү сумма күмөндүү компаниялардын түйүнү аркылуу жашырылган, каражат мамлекеттик бюджетке түшүшү керек болчу деп эсептешет.

Натыйжада сот ишти Stans Energy’нин пайдасына чечип, кыргыз өкмөтүн компанияга кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Учурда Курманалиев Латвияда жашайт, ал жерден Кыргызстандан чыгып кеткен соң башпаанек алган. Экс-чиновник коррупция жана башка мыйзам бузуулар боюнча айыптарды таптакыр четке кагып, OCCRP’ге аялы менен 2005-жылы жашабай калганын, аялынын банктык эсебинин ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып берди.

«Ошондуктан ал [аялы] 2009-жылы эмне кылганын, кандай финансылык операцияларды жүргүзгөнүн так билбейм, ага менин эч кандай тиешем жок», — деди Курманалиев Бишкектин райсотунун өкүмү «адилетсиз, дискиминациялык жана саясий жүйөөлүү болгон» деп кошумчап.

Журналисттер бир нече жолу Курманалиевдин мурдагы аялы Наталья менен байланышууга аракет кылышты, бирок жооп ала алышкан жок. Кийин экс-чиновниктин аялы соцтармактагы аккаунттарынын атын өзгөртүп, айрымдарын өчүргөн.

Ал арада Кыргызстандын учурдагы бийлиги Кумтөрдө 1992-жылдан бери кенди иштетип келген канадалык компаниядан башкарууну тартып алып, чуу жараткан. Ал эми укук коргоо органдары алтын кен иштетилген 30 жыл аралыгында жол берилген «масштабдуу коррупцияны көрсөткөн далилдерди» аныкташкан.

Алар ушуга окшогон коррупциянын бири катары 2009-жылы Канада менен түзүлгөн келишимди аташкан. Анда Кыргызстандын атынан сүйлөшүүлөргө Курманалиев жана башка жооптуу адамдар катышкан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, мамлекеттин жооптуу адамдары «аталган компанияга билип туруп республиканын экологиясы менен экномикасына зыян келтирген чексиз мүмкүнчүлүктөрдү беришкен».

Ал эми айрым кыргыз саясатчылары бул келишим боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууга чакырышкан.

«Каалаган келишимди алып көрөлү — канадалык компания аларды өз алдынча түзө албайт эле. Күнөөнүн баары биздин аткаминерлерде», — деп билдирген экс-депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «Азаттыкка» курган маегинде. Салянова Кумтөр боюнча келишимди «жырткычтык саясат» деп дагы атаган.

Share
Автору
OCCRP