Орусия: Коррупция жана мас абалында унаа айдоо үчүн мигранттарды өлкөдөн чыгаруу сунушталды

Орусиянын ИИМи коррупция жана мас абалда унаа айдоо үчүн мигранттарды өлкөдөн депортациялоону демилгеледи. Бул тууралуу орус ЖМКлары ведомствого таянып жазып чыгышты.

Орусиянын ИИМи мигранттарды көзөмөлдөөнүн жаңы жол-жобосун орнотууну сунуштап, аны «Орусиядан сырткары чыгаруу» деп атады. Ага ылайык, мигранттар миграциялык эрежелер гана эмес, административдик бузуулар үчүн да өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

ИИМдин маалыматына ылайык, мигранттар өлкөдөн «одоно» мыйзам бузуулар үчүн чыгарылат: экстремизм, терроризм, коррупция, курал-жарак жана баңгизат жүгүртүү, коомдук коопсуздукту жана тартипти бузуу. Одоно мыйзам бузуулар тизмесине коррупция, мас абалда унаа башкаруу жана айдоочунун медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартуусу да киргизилген.

Ведомство иштеп чыккан мыйзам долбоору азырынча кабыл алына элек.

Орусиядагы мигранттар

Акыркы жылда Орусияда миграциялык саясат катаалдашып, текшерүүлөр көбөйгөн. Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын 2021-жылдын 14-сентябрына карата расмий маалыматына ылайык, дээрлик 74 миң кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Орусиянын учурда колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мигранттар оор кылмыштар жана «одоно мыйзам бузуулар» үчүн өлкөдөн чыгарылып же «кара тизмеге» киргизилип жатат. Аларга Орусиянын аймагына кирүүгө өмүр бою же бир нече жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

21-февралда Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Орусиянын Федерациялык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолуккан. Ал Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгарууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.