1-мартта чет элдиктер үчүн жашыл коридор жабылат

Бүгүн, 1-марттан тартып визасы же каттоосу жок чет элдик жарандар Кыргызстандан чыгышы керек же тиешелүү документтерди жасатышы зарыл. Миграциялык мунапыстын мөөнөтү аяктады.

«Манас» аэропорту.

Бийлик коронавирустук чектөөлөрдөн улам жашыл коридорду 2020-жылдын 17-мартында ачкан болчу. Кыргызстандын аймагындагы чет элдик жарандар чыгуу визасы жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоого турбайстан өлкөдөн чыга алышкан.

«Чет өлкөлөр менен авиациялык, темир жол жана автоунаа жолдору ачылгандыктан, минкаб чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор үчүн берилген “жашыл коридор” мунапысын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алды», — деп белгилешти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Министрликтен белгилешкендей, 2022-жылдын 1-мартынан тарта эрежени бузган чет өлкөлүк жарандарга айып пул төлөп, өлкөдөн чыгуу визасын алууга туура келет.

2020-жылы пандемиядан улам көпчүлүк өлкөлөр авиакаттамдарды токтотуп, чек араларын жапкан. Жашыл коридорду жабуу тууралуу чечимди минкаб 2022-жылы январда кабыл алган.