Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалды

Алтынбек Пирматов

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов 28-февралда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалды. Маалыматты «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Пирматов Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду «мыйзамсыз бузуу» тууралуу иштин алкагында кармалган. Ал Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» Пирматов кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирди.

Оштогу эң чоң жарнамалык тактайчанын демонтажы

2019-жылдын октябрь айында Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аталган тактайчаны бузган. Анда билбордго ээлик кылган «Инсайдер» ЖЧКсынын жетекчиси Алмаз Төлөмүшов мэриянын аракетин «мыйзамсыз» деп айткан.

Ишкер мэрия билбордду бузуп башталганда Ош облустук райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. Ал эми сот арызды канааттандырып, жарнамалык тактайчаны бузууга тыюу салган.

«[2019-жылы] 22-октябрда биз соттун чечимин алып, демонтаж болуп жаткан жерге барганбыз. Бирок ал жерде [мэриянын кызматкерлери] чечимди көзгө илбей, ишин уланткан. Биз муниципалдык менчик башкармалыгына, мэриянын өзүнө кайрылганбыз, бирок бизди эч ким уккан эмес», — деген Төлөмүшов.

Ишкердин айтымында, тактайчаны орнотууга 90 миң АКШ долларын сарпталган. «Инсайдер» ЖЧКсы менен мэрия 2014-жылдан 2020-жылдын аягына чейин ижара келишимин түзүшкөн. Компания жергиликтүү бийликке ай сайын 96 миң сом төлөп турган.

Ал эми Алтынбек Пирматов 2019-жылдын июнь айында Оштогу «демонтажга жаткан тактайчаларды аныкточу» комиссия түзүлгөнүн билдирген. Комиссия шаар бийлигинин жана бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган.

Пирматовдун айтымында, комиссия калаадагы 40ка чукул жарнама тактайча бузууга жатат деген жыйынтыкка келген. Анын ичинде «Инсайдер» ЖЧКсынын билборду да болгон.

«Бул тактайча бузууга жатат. Анткени ал орнотулган күндөн тарта анын ээлери антикоррозиялык тазалоо кылган эмес, мындан улам ал дат басып кетти», — деген Пирматов.

Ал эми «Инсайдер» ЖЧКсынын өкүлү Рысбек Эргешов Оштун мэриясы жаңы жарнама билборд орнотуп, аны «Нурзаман» курулуш компаниясына ижарага берип салганын билдириген. Аталган компания Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун үй-бүлөсүнө таандык — эл өкүлүнүн бир тууган иниси Нурзаман Алимбеков Папан айыл өкмөтүнүн башчысы.

Ош шаардык мэриясынан «Нурзаман» компаниясы ижарага жылына 2 млн сом төлөгөнүн айтышкан.

Авторлору: Орозбек Сабырбеков, Жаркынайым Полотбек кызы