Американын кинопремьералары Орусияга каршы санкциялардан улам Кыргызстанда көрсөтүлбөйт

Американын көптөгөн кинокомпанияларынын премьералары Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу 24.kg’ге Кинотеатр ээлеринин ассоциациясынын башчысы Алмаз Кайыпов билдирди.

Кайыпов бул Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу экенин, ал эми Кыргызстан дал ошол орусиялык субдистрибьюторлор менен келишим түзгөндүгүн айтты. Буга чейин батыштын бир катар ири кинокомпаниялары Орусияда тасмаларын көрсөтүүнү токтотушкан.

Анын айтымында, популярдуу кино тасмаларды көрсөтүү «Бэтмен» фильминен кийин токтотулушу мүмкүн. Ал Диснейдин «Я краснею» жана Sony компаниясынын «Морбиус» фильмдери прокаттан алынганын билдирди. Бул эки фильмдин прокаты март айына белгиленген эле.

«Бул ири долбоорлордун баарын таасирин тийгизет деп ойлойм. Кинотеатрларда коюлган фильмдердин 80%ы — Голливуддун үч-төрт эле студиясыныкы. Тилекке каршы, алар бизге тасмалар берилбей турганын ырасташты. Биз аларга өлкөбүз жана жарандарыбыз санкцияларга кирген жок деп жатабыз, бирок азырынча студиялардан так жооп келе элек», — деп айтты Кайыпов Sputnik басылмасына курган маегинде.

Бирок, ал каражатты анчейин топтобогон долбоорлор кадимкидей эле көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, кино тармагынын жергиликтүү өкүлдөрү нес болуп жатышат, анткени COVID-19 пандемиясынан кийинки кырдаалдан эми гана чыга башташкан. Кайыпов санкциялардан улам Борбордук Азия жана КМШнын бардык өлкөлөрү кинопремьераларысыз калышат деп эсептейт, себеп дегенде студиялардын филиалдары жана бөлүмдөрү Москвада жайгашкан.

7-мартта премьералардын жоктугунан Казакстандагы Kinopark-Kinoplexx кинотеатрлар тармагы белгисиз мөөнөткө жабыларын маалымдаган.

«Тилекке каршы, Орусия аркылуу иштеген көпчүлүк голливуд компаниялары бизге тасмаларды берүүдөн баш тартышууда. 1-апрелден тартып эч нерсе көрсөтө албай калабыз. Ошондуктан Kinopark-Kinoplexx компаниясы 1-апрелден тартып белгисиз мөөнөткө жабылууга мажбур. Тилекке каршы реалдуулук ушундай», — деген аталган кинотеатрлар тармагынын жетекчиси Алмаз Малдыбаев.

Киностудиялардын «санкциялары»

Буга чейин Sony, Disney жана Warner Bros. киностудиялары Орусияга өз фильмдерин прокатка берүүнү токтотушкан. Буга орус аскерлеринин Украинага кол салуусу себеп. Азырынча кинокомпаниялар орусиялык прокатты канча убакытка чектешери белгисиз.

Орусиянын Кинотеатр ээлеринин ассоциациясы өлкө кинотеатрлары пландалган кирешенин 80%ынан куржалак калышы мүмкүн деп айтышууда. Ал жактан «кинокөрсөтүү тармагы толугу менен жоюлуп кетүү коркунучунда» деп тынчсызданышууда.

Ассоциация 3-мартта Орусиянын Маданият министрлигине жана Кино фондуна «орус тасмаларын прокатка чыгаруу боюнча программаны иштеп чыгууну жана ишке ашырууну» суранып кайрылган. Алар орус өндүрүшүнөн чыккан кинолордун экранга чыгуусун туура бөлүштүрүү 2022-жылы прокаттан финансылык пайда алууга, ошондой эле көрүүчүлөрдүн онлайн-платформаларга агылып кетүүсүн алдын алууга жардам берет деп эсептешет.

Ассоциация премьер-министр Михаил Мишустинге да кайрылып, кинотеатрларга «2020-жылдагыдай ыкма жана көлөмдө» түз субсидия бөлүүнү сунуштады. Ал убакта кинотеатрлардын көбү COVID-19 пандемиясынан улам жабылган болчу.