Ош шаардык соту аялынын кабыргасын жана мурдун сындырган кишинин ишин кыскартты

Ош шаардык соту 15-мартта аялын сабап, кабыргасын жана мурдун сындырган кишинин ишин кыскарты. Буга жабырлануучу менен айыпталуучунун «жарашуу жөнүндө келишим түзгөнү» негиз болду.

Өкүмдөгү маалымат боюнча, 40 жаштагы айыпталуучу 2021-жылдын 20-декабрында жарандык никедеги аялын «оозго алгыс сөздөр менен сөгүп», сабаган. Зомбулук көрсөткөн учурда мас абалында болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 34 жаштагы аялын колуна жана бетине бир нече жолу уруп, жабырлануучу жерге жатып калганда анын ичине тепкени аныкталган.

Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун «мээси чайкалып, жабык баш мээ жаракатын алганын, ошондой эле мурду жана кабыргасы сынып, чачы жулунуп, бети көгөргөнүн» аныктаган. Экспертиза аялдын алган жарааттары «анча оор эмес» деп сыпаттаган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучудан кечирим сураган. Ал эми жабыр тарткан аял күйөөсү менен «жарашып» алганын билдирип, ишти кыскартууну өтүнгөн.

Мындан улам, Ош шаардык соту «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен козголгон кылмыш ишин кыскартты.

Аталган берене менен күнөөлүү деп табылгандар эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына же болбосо 40 сааттан 100 саатка чейинки коомдук иштерге тартылышы мүмкүн. Ошондой эле айыпталуучулар беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин, 8-мартта, Ош ШИИБдин кызматкерлери аялын сабап, төрт кабыргасы жана манжасын сындырган кишини кармаган. Маалыматка ылайык, шектүү 21-февралда аялын сабап, кылмыш иши козголгондон кийин тергөөдөн изин жашырып жүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат