Бейшеналиевге таластыктар жана Исманкулов боюнча айткандары үчүн эскертүү берилди

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди. Бул тууралуу «Клоопко» ведомствонун басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

«Башкы прокуратура министрдин таластыктардын намысына тийген, ошондой эле анын Алмазбек Исманкулов [Көз хирурхиясы клиникасынын директору] менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айткан сөздөрү боюнча түшкөн арызды карады», — деди Камолидинов.

Министрдин таластыктар жөнүндө сөзү

Февраль айынын башында социалдык тармактарда Бейшеналиевдин Таластын тургундары тууралуу сөздөрү жазылган видео пайда болгон. Видеодо министр Бишкек Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун эмге жааматынын алдында сүйлөп жатып, Сабырбек Жумабековдун ордуна жаңы жетекчи дайындоо керектигин, бирок ал «Таластан болбошу керек» деген.

Андан кийин 5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында министрдин отставкасын талап кылган 500 адам митингге чыккан. Чогулгандар Бейшеналиевди трайбализмге айыптап, таластыктар тууралуу сөзү үчүн кечирим суроону талап кылышкан.

Эки күндөн кийин министр Таластын тургундары тууралуу сөздөрү үчүн кечирим сураган. Чиновник жаамат менен жолугушуу учурундагы «сөздөрү туура эмес чечмеленип калганын» билдирген.

9-февралда басма сөз жыйын учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратура Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу сөзү үчүн жоопкерчилигин кароого даяр экенин, бирок ал үчүн министрдин үстүнөн арыз түшүшү керектигин айткан.

Эртеси күнү «НурТВнын» журналисти Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Арызда журналист министрдин сөзүнө укуктук баа берүүнү суранган.

Исманкуловду кемсинтүү

10-мартта министр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган. Бишкек мэриясы №2 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Бейшеналиев клиникага келген учурда Исманкуловдун өзү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Министр телефондон Исманкуловду «далдыр» деп атап, эгер имаратты бошотпосо «бирди көрөрүн» айткан.

«Жоголуп кетчи! Сенин барчу жериңди айтат элем, бул жакта кыздар турушат. Эгер үч сааттан кийин, мен келгенде кызматкерлериң дагы деле ушул жерде болсо, мага таарынба!» — деп коркуткан министр Исманкуловду.