Нарында 46 жаштагы кишини зордуктоого шектелген төрт тургун камакка алына элек

Нарын шаарында 46 жаштагы эркекти зордуктоого шектелген төрт киши камакка алына элек. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» билдирди.

Эсенгулованын айтымында, окуя 2021-жылдын ноябрь айында «Cексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренеси менен катталган. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, мындан улам шектүүлөр кармалган жок.

«Окуя былтыркы жылы катталган, андан бери экспертиза улам жылып атып, убакыт өттү. Бүгүнкү күндө комиссиялык экспертиза дайындалып, ошонунун жыйынтыгын күтүп атышат. Шектүүлөр камакта эмес. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда укуктук баа берилет», — деди ал.

«Өлгүм келип атат»

Ал эми жабырлануучунун бир тууган эжеси Жыпаргүл Жаныбаева SuperTV Youtube-каналына маек куруп, окуянын чоо-жайын айтып берди. Жаныбаева анын иниси Мурат 16-ноябрда туулган күнүн белгилеп, досу менен үйүнө келип жатып алганын билдирди.

Ал арада Мураттын үйүнө төрт кошунасы бастырып кирип, Байыш аттуу киши «экөөң “голубой” болуп, ушул жерде жатасыңарбы» деп айткан. Мындан улам кишилердин арасында чыр чыгып, алар үй ээсин сабай башташкан.

«Эки бала Мураттын эки колуп бурап, көңкөрөсүнөн жаткырышыптыр дагы, жерде жаткан атасынын ичигин башына жабышыптыр [...] Анан шымын чечишиптир. Ал каршылык көрсөтүп, токтотконго аракет кылган. Ага карабай Байыш деген бала биринчи баштаптыр. Ошондо Мурат эс учун жоготуптур», — деди Жаныбаева.

Кийинчерек Мурат өзүнө келип, үй талкаланып, төшөктөр кан болгонун көргөн. Окуянын эртеси күнү жабырлануучуну «зордуктаган» кишилер каналдын жээгинде көрүп калып, аны чакырышат. Бирок Мурат [жабырлануучу] аларга барбай коёт.

«Анан үйгө келип, эки күн ойлонуп жата берген. Карындашына чалып “өлгүм келип атат” дептир. Сиңдим “эмнеге өлөсүн?” деп суроо берсе ошондо гана окуяны айтып берген. Сиңдим мага чалып айтып берди», — деди Жаныбаева.

Окуя боюнча Нарын шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, жабырлануучу жана шектүүлөрдү суракка алып кеткен. Жаныбаева шектүүлөрдүн жакындары Муратка «боюңда болуп калдыбы?» деп шылдыңдаганын билдирди.

Жаныбаева кылмыш иши төртүнчү тергөөчүгө өтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, комиссиялык экспертиза Мурат шектүүлөр тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын тастыктаган. Бирок Нарындын прокуратурасы комплекстик экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Авторлору: Элдияр Бакиров, Дилде Шатанова