Кыргыз-түрк ооруканасы Бишкек мэриясынын карамагына өттү

Фучик көчөсүндө жайгашкан кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өттү. Бул тууралуу 15-апрелде муниципалиттин сайтында кабарланды.

«Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар», — деп кошумчалашты ведомстводон.О

Оорукананын ачылышы

Кыргыз-түрк достук ооруканасы 2017-жылы курулуп бүткөн. Оорукананын заманбап имаратын 2016-жылы июлда кура башташкан. Курулуш иштерин түрк компаниясы жүргүзгөн, ал эми каражатты Түркиянын өкмөтү бөлүп берген.

Оорукана куруу жөнүндө келишимге үч тарап кол койгон. Алар: Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ), Бишкек мэриясы жана Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттиги (ТИКА). Оорукананын курулушун 2017-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган. План аткарылып, имарат күзүндө даяр болгон.

Ошондо эле, ССМдин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев «бардык маселелер түрк тараптан макулдашылгандан кийин» оорукана өз ишин баштайт деп айткан. Андан кийин 2019-жылы ошол кездеги Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев клиникага медициналык жабдыктардын 20 пайызын киргизүү иши калганын билдирген. Бирок анда дагы оорукана ачылбай калган.

2020-жылы COVID-19 пандемиясы башталып, марттын аягында Түркиянын элчилиги Бишкектеги жаңы оорукананы коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп жатканын билдирген. Анда ведомствонун басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» оорукананы ачуу чечимин республикалык штаб кабыл аларын айткан.

Оорукананын көп күттүргөн ачылышы 2021-жылдын 26-августунда болгон.

Имараттын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышкан. Ал ачылышта оорукананын үч жыл аралыгында Кыргызстан Түркия менен биргеликте башкарарын айткан.