УКМК: Бишкекте баңгизат саткан Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери кармалды

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети менен Аскердик прокуратурасы Бишкек шаарынын тургундарына көптөн бери баңгизат сатып келген Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал жактан Коргоо министрлигинин прапорщиги менен ефрейтору баңгизаттарды сатуу жана колдонуу учурунда кармалганын айтып беришти. Алар Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди.

«Алар Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган», — деп билдиришти УКМКдан.

«Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Дагы окуңуз:  УКМК баңгизат даярдоого шектеп Ош ШИИБдин эки кызматкерин кармады

ИИМ: Баткенде 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери кармалды