Жогорку кеңештин бир катар депутаттары мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке жогорку билими бар гана жаран депутат болуп келе алат деген талапты алып салууну сунушташты. Мындай ченем «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамда жазылган.
Мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев, Нурлан Шакиев, Улугбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев жана Марлен Маматалиев демилгелеген. Документ 20-апрелде коомдук талкууга коюлган.
Алар мыйзам долбоору бардык кыргызстандыктарга «тең шарттарды түзүү максатында» жана Конституциядагы «жарандар бирдей укуктарга жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ» деген кепилдикти камсыздоо максатында иштелип чыкканын белгилешти.
Мыйзам долбоорунда жогорку билим тууралуу талап «шайланууга укугу бар адамдардын белгилүү чөйрөсүн чектейт» деп көрсөтүлгөн.
«Талдоо көрсөткөндөй, жогорку кесиптик билими бар адамдарга караганда чет өлкөлөрдө жылдар бою, атүгүл ондогон жылдар бою иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгүнүн жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жана убактысы жок, ошол эле учурда алар белгилүү бир социалдык чөйрө жөнүндө түшүнүгү бар жана көптү билишет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.
Демилгечилер мыйзам чыгаруучу органга ар кандай билими бар адамдар киришмек деп эсептешет.
«Бул бүткүл калктын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча кеңири чагылдырууга жана өлкөнүн же аймактын ырааттуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүндүк бермек. Демек, айыл чарба тармагында тажрыйбасы бар, жогорку кесиптик билими жок адамдар анын өнүгүшүнө, спорт тармагындагы спортчуларга жана жаш муундун сергек жашоо образына ж.б.у.с. өбөлгө боло алмак», — деп аргумент келтиришти эл өкүлдөрү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун демилгелечилери «парламенттин дубалдарынан көргүсү келген адамды тандоодо элдин укуктарын чектөө максатка ылайыксыз» деп эсептешерин белгилешкен.
2021-жылдын жайында Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөрдү кабыл алышкан. Ага ылайык, шайлоо аралаш система менен өткөрүлөт, ал эми «Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлоо өткөрүлүп жаткан күнү 25 жашка толгон, шайлануу укугуна ээ, жогорку билими бар Кыргызстандын жараны шайлана алат».
Кээ бир саясатчылар бул чечимди конституцияга каршы келерин айтышкан. Ал тургай «Ата-Мекен» партиясы бул ченемге байланыштуу Конституциялык сотко кайрылып, ал «дискриминация кылат жана жарандардын укугун чектейт» деп белгилеген.
20-январда президент Садыр Жапаров УКМКга бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын текшерүүнү тапшырган. Масштабдуу текшерүү 24-январда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
8-апрелде БШК УКМКга таянып, депутаттар Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы) жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген. Кийин экөө тең бул маалыматты четке каккан.
Жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламентке келген Орозайым Нарматова диплому жасалма делип айыпталып мандатынан ажыраган. Ал диплому жасалма экенин моюндаган эмес. Көп өтпөй Нарматованын мандаты Айгүл Айдаровага өткөн.