Кара-Суу: Сел суулары 12 турак үйдү, мектептин короосун каптады

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 12 турак үй, мектеп, бала бакча жана медициналык борбордун короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, табият кырсыгы 11-майда кечки саат 22:00 чамасында башталган. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 4-6-7-чакырымында башталган селден Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында турак үйлөр зыян тарткан.

Ошондой эле, ӨКМ 4 турак жайдын жертөлөсүнө суу кирип, 8 турак үйдүн короосун каптаганын белгиледи.

Кара-Суу районунда кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн атайын техника жана куткаруучулар иштеп жатат. Мындан сырткары, кырсыктын чыгымдары эсептелип жатат.

Сел жүргөн аймактар

Май айынын башынан тартып Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, сел каптады. Алгач 3-майда катуу нөшөрлөп жааган жаандан улам Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүргөн. Катуу келген сел аталган аймактардагы көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан.

Алай районундагы Корул дарыясынан келген сел Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын алып кеткен. Корул айыл аймагын Биринчи-Май, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзүлгөн.

Ал эми Кара-Кулжа районунда Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен.

Ал эми 4-майда Алай районунда сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен район боюнча 216 турак үйдүн короосуна суу кирип, 32 үйдүн жертөлөсүн каптаган. Аны менен катар, 15 кой, сегиз уй, үч жылкы жоголгон.

Селдин кесепетинен жабыркаган 68 тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, үчөө ооруканага жаткырылган.

Тема боюнча:

ӨКМ: Сузакта селден улам 35 үй-бүлө эвакуацияланды

Алай: Селдин кесепетинен жабыркаган 68 адам ооруканага кайрылды

Алай жана Кара-Кулжа райондорунда селден көпүрөлөр бузулуп, үч бодо мал агып кетти