Султанбаев: Ширшов боюнча президенттин дагы, Бекназаровдун дагы айткандары туура чыкты

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-майда «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго байланышкан маалыматтарга «тактоо» киргизип, ага карата 2010-2014-жылдары жалпысынан төрт кылмыш иши козголгонун билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Ширшовго убактылуу өкмөт бир да кылмыш ишин козгобогонун билдирип, ошондуктан аны кабыл алууну чечкенин айткан. Андан кийин Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров «мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат» деген.

Султанбаевдин айтымында, жыйынтыгында «президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыккан».

«Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр [...] 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деп жазды Султанбаев Фейсбук барагына.

Аны менен катар, басма сөз катчы постуна «Дастан трансулуттук корпорациясынын» мурдагы төрагасы Алексей Ширшов боюнча маалыматты тиркеди.

Анда 2018-жылдын 9-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту Алексей Ширшовду «Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жазадан бошоткону жазылган. Ошондой эле, 2019-жылдын 17-майында Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганы баса белгиленген.

«Соттордун өкүмдөрү күчүнө киргенине жана аткарылганына байланыштуу Алексей Ширшовго коюлган бөгөт чарасы жана чектөөлөр жокко чыгарылган», — деп жазылат анда.

Азимбек Бекназаров эмне деген?

Азимбек Бекназаров жана Садыр Жапаров. 

Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровдун «Дастан трансулуттук корпорациясынын» мурдагы төрагасы Алексей Ширшовго 2010-жылы кылмыш иши козголгон эмес жана издөө жарыяланган эмес деген сөзүн төгүндөгөн.

Убактылуу өкмөттүн тушунда прокуратура органдары менен финполицияны жетектеген Бекназаров Жапаровго Ширшовго эч кандай кылмыш иши козголбогон деп айтып, «президентти айланасындагылар катуу жаңылтып жатышат» деп билдирген.

«Аны туура эмес нерселерди, чындыкка дал келбеген нерселерди айттырууга түрткөн. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт. Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө — Интерполдо издөөдө жүргөн. "Убактылуу өкмөт, Башкы прокуратура иш козгогон эмес деп айтты" дегенге мен ишенбейм. Ага карата бир ишти Башкы прокуратура, дагы бир ишти Коопсуздук кызматы жана Финполиция да козгогон болушу керек эле», — деген ал.

Ал Ширшовго байланыштуу кылмыш иштер Башкы прокуратурада жана Интерполдун эл аралык бюросунда болушу керек деп эсептейт. Анткени ага ушул багыт боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

«Анын [Ширшовдун] издөөдө жүргөнүн элдин баары эле билет да. Биздин президентти ким ушундай жаңылышууга алып келгени мага табышмак болуп жатат. Президент муну териштирип, аны ким жаңылыштырып жатса, тийиштүү чарасын берет деп ишенем. Анткени ал чындыкка дал келбеген нерсе», — деген элчи.

Ширшовдун кармалышы жана кайра бошотулушу 

Алексей Ширшов. 

Алексей Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал өлкөдөн качып чыгып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган болчу. 2010-жылдын июнунда Убактылуу өкмөт Ширшовдун кайсыл жерде экени тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар төлөөгө да даяр болгон.

Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

10-майда УКМК «Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКсынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын билдирген. Атайын кызмат Ширшов коррупцияга айыпталып жатканын айткан.

УКМКнын версиясы боюнча, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат баалуу батирди жана 27 коттежди мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири болгон.

Анткен менен 11-майда Ширшов атайын кызматтын өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыккан.

Президенттин билдирүүсү

Мындан улам коомчулукта наарызылык жаралган. Көп өтпөй президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталып кармалган Алексей Ширшовдун үй камагына чыгарылганына карата айтылган сындарга Фейсбук барагында жооп берген.

Жапаровдун айтымында, 6-7 ай мурда Ширшов президентке кайрылып, Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын билдирип, өлкө башчысынан кабыл алууну суранган.

«Ал издөөдө да, кантип кабыл алам дедим. “Кыргызстанда бекен” десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо башпрокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине 2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле деп тапшырма бердим», — деген Жапаров.

Президент текшерүүнүн жыйынтыгында ушул күнгө чейин Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун, издөө жарыяланбаганын билгенин айтып, Убактылуу өкмөт Ширшовго «иш козгобогондон кийин» аны кабыл алууну чечкенин билдирген.

«2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Жапаров ошол эле күнү УКМКга «баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттеждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла» деген тапшырма бергенин кошумчалады.

«Коттеждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттеждерден эмес. 27 коттеж, 69 батир бар экен. Бир коттеждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттеждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар», — дейт президент Садыр Жапаров.

Президент УКМК жакын арада коттеждердин ээлеринин аты-жөнүн жарыялап, ишти сотко жиберет деп ишендирген. Ал эми Максим Бакиев чыгарып кеткен акчалар кайда экенин билгендер менен кызматташууга даяр экенин айтып, «камабайбыз» деп убада берген.

Оппозициянын реакциясы

Мурдараак президенттин сөзүнө Бириккен демократиялык кыймыл да реакция кылган. Алардын пикиринде, «президент Алексей Ширшовдун Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу ачыктан-ачык калп айтып, Ширшовдун кармалышына жана анын үй камагына чыгарылышына байланыштуу УКМК уюштурган афёраны калкалап жатат».

«[...] Жапаров Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, издөөдө жүрбөгөнүн айтып, коомчулукту атайылап адаштырган. Ширшов, айрыкча Максим Бакиевдин жакын адамы катары [...] менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешет [...]», — деп билдиришкен алар.

Оппозициянын өкүлдөрү Алексей Ширшов жасаган кылмыштарынын жазасын алышы керек, ал эми анын бийлик менен келишип алуусу актоого негиз болбошу керек деп эсептешет.

Тема боюнча окуңуз:

Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты

Садыр Жапаров: Максим Бакиевди «башыңан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар да келбейт

«Коррупция менен күрөш ушулбу?». Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына коё берилгенин сындады