Дастан Бекешев: Германия биздин 14,9 млн евро карызыбызды «кечүүнү» чечти

Депутат Дастан Бекешев Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро карызын «кечүүнү» чечкенин билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү Фейсбук барагына жазды.

Бекешев Германия бул каражатты эки жыл бою кирешеси аз кыргызстандыктарга ипотекалык насыя берүүгө багыттоону суранганын белгиледи.

«Каржы министрлиги ар 8 айда (3 жолу) Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) дээрлик 5 миллион евро берип турат, МИК ал акчаны жарандардын ипотека алуусуна жумшап турат, пайыздардын бир бөлүгүн өзүнө ала алат. Ипотека Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактарда жашаган жарандардын баарына берилет», — деп жазды Бекешев.

Бекешев бул келишим 16-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйында караларын кошумчалады.