Президент Адахан Мадумаровду «популист саясатчы» деп атап, УКМКнын башчысына болушту

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» үналгысына 3-июнда курган маегинде, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун ортосундагы кайым айтышууда мамлекеттик кызматкердин этикасы бузулган жокпу деген суроого жооп берди.

Өлкө башчысы Ташиев «жаны ачышып кетип катуу жооп берди» деп, атайын кызматтын баашчысын туура түшүнгөнүн белгиледи.

«Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү», — деди Жапаров.

Ошол эле учурда президент УКМК тамак-аш коопсуздугун жана тамак-аштын баасын көзөлдөп жатканын белгилеп, чек арадагы аткезчилик 90%га токтогонун айтты.

«Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн. Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Ал эми кийинчерээк «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров президенттин сынына жооп берди. Ал Жапаров менен Ташиевге «менде комментарий жок» деп, «алар популист сөздү дагы түшүнбөйт» деди.

«Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?» — деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаров менен кайым айтыша кеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Мадумаровду «аткезчиликти калкалоого» айыптап, «биринчиден колуңду сындырам» деп, андан кийин «камайм» деп коркуткан.