Путин Украина АКШдан узак аралыктагы ракеталарды алса жаңы соккулар болорун эскертти

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Украина АКШдан узак аралыктагы учуучу ракеталарды ала турган болсо орус аскерлери «мурда сокку урулбаган позицияларга» чабуул коёрун эскертти. Мындай билдирүүнү Путин «Москва. Кремль. Путин» телеберүүсүнүн эфиринде айтты.

«Бул америкалыктар кандай ракеталарды береринен көз каранды. Бирок бүгүн угуп, түшүнгөнүбүзгө караганда — ал 45-70 км аралыкка учуп барып сокку ура турган ракеталар», — деди Путин.

Орусиянын башчысы кайсы объектилерге сокку уруларын так айткан жок. Бирок Би-Би-Си орус кызматы белгилегендей, буга чейин орус бийлиги «чечим кабыл алынуучу борборлорго» чабуулдар болушу ыктымал деп бир нече жолу эскерткен.

Украина АКШдан узак аралыктагы ракеталар системасын ала турганы 1-июнда маалым болгон. Би-Би-Си орус кызматынын билдиришинче, украин армиясы тактыгы жана кыйратуу аралыгы боюнча орус армиясынын системаларынан жогору турган HIMARS реактивдүү системасын алат.

Мындан тышкары, буга чейин АКШнын президенти Жо Байден ленд-лиз деп аталган мыйзамга кол койгон. Бул документ Украинага аскерий курал жеткирүүдө жеңилдетилген шарттарды түзөт. Ушундай эле мыйзамга АКШда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да кол коюлган.

Орус аскерлеринин Украинага толук алкактуу кол салуусу 24-февралда башталып, үч айдан ашык убакыттан бери уланып жатат. БУУнун маалыматына ылайык, согуш маалында Украинадан 6,9 млн жай тургун чыгып кеткен. Качкындардын көпчүлүгү Польша, Чехия жана Германияга качкан.

БУУнун 3-июнга карата маалыматына ылайык, Украинадагы согушта 4 183 жай тургун каза болгон, анын ичинен 268и жаш балдар.