Президент Кылмыш-жаза жана Жоруктар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза жана Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүү макатында кабыл алынды.

«Мыйзам мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Президеннтин басма сөз кызматы мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-майда кабыл алганын белгиледи. 2021-жылдын октябрь айында Жапаров үч жаңы кодекске жана аларды колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Алар Жазык, Жазык-процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстери болчу.

Жаңы кодекстерди кабыл алууну 2021-жылы башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген. Зулушев кодекстердин кемчиликтери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан.

Мунун негизинде 2021-жылдын апрелинде кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтотуп турууну суранышкан — анткени, алардын пикиринде, реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келет.

Тема боюна:

Садыр Жапаров жаңы Жазык кодекстерине кол койду