Садыр Жапаров: Казинодон түшкөн акчага элибиздин жашоо шартын оңдоп алалы

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде казинолордон түшкөн акчага элдин жашоо шартын оңдоп, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын «жогорку деңгээлге көтөрөбүз» деп билдирди.

Жапаров казиного чет өлкөлүк миллионерлер жана миллиардерлер кирерин белгилеп, мамлекеттик бюджетке миллиарддаган салык түшөт деп эсептейт.

«“Байдыкын байкуш аяйт" болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөсүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт», — деди ал.

Өлкө башчысы 2012-жылы казинолор жабылгандан бери көмүскө иштеп келгенин белгилеп, мамлекет аны көзөмөлгө аларын кошумчалады.

«Көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып көзөмөлгө алат, бүгүнкү күндө казиного барып жаткан жарандарыбызды куткарып алуу милдети турат. Эртең казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт», — деди президент.

Жапаров Кыргызстандын жарандары үчүн казиного кирүүгө тыюу салынарын белгилеп, ага мамлекет кепилдик берет деп ишендирди.

«Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан, казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок», — деди Жапаров.

Кыргызстанда казинолорду ачуу

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган сунушту колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу идеясын сунуштаган. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1-1,5 млн долларга лицензия сатат деп ишендирген.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында мыйзам долбоору бешинчи ирет добушка коюлгандан кийин гана экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Анда жалпы 72 депутат катышып, 58и «макул», 9у «каршы» добуш беришкен. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары добуш берүүгө катышышкан эмес.

Мыйзам долбоору коомчулукта нааразычылык жаратып, борбор калаада жана аймактарда митингдер уюштурулуп келет. Активисттер «казино экономиканы толтура албайт» деп эсептешет.

Тема боюнча:

«Эл деген сел болот». Ак үйдүн алдында казино ачууга каршы митинг өттү

Мадумаров: Акылбек Жапаровдун оозунан миллиард чыгат, казинодон анча акча келбейт