Адам укуктары

«Аңдуу иш козголгонго чейин эле башталган». Темировдун ишинде саясий куугунтуктун белгилери барбы?

Автору
«Клооп» жана OCCRP
                                                                                                                                                          Иллюстрация: Джеймс О'Брайен / OCCRP / УКМК / «Клооп»

Бийлик Болот Темировду «наркоман» деп атап, документтери жасалма деген айып тагууда. Бирок тергөөнүн документтери менен таанышып чыккан журналисттер, Темировго карата жогору жактан, УКМКнын жетектөөсү менен куугунтук уюштурулган деп болжоого болот дешет.

Он миңдеген катталуучу жана көрүүчүгө Болот Темиров, Temirov Live каналына видеолорду жүктөө аркылуу мекениндеги коррупция менен күрөшүп жаткан иликтөөчү журналист.

Бирок кыргыз бийлиги үчүн — ал чет элдик жана чагымчы: Темиров Кыргызстандын ички жана тышкы паспортун алуу үчүн документтерди жасалмалап, аларды чек араны кесип өтүүдө мыйзамсыз колдонууга айыпталып жатат.

«Бул айыптын бары жөө жомок деп эсептейм», — деди Темиров OCCRP менен «Клоопко».

Бирок аны оор жаза күтүүдө — 20 жыл абакка кесилиши мүмкүн. Көптөр бул иште кыргыз бийлигинин басма сөз эркиндигине карата позициясы көрүнөт, андыктан буга тыкыр көз салуу керек деп эсептешет.

Укук коргоо органдары жыл башында эле Темировдун изине түшкөн: журналист УКМКнын төрагасынын туугандарынын коррупциялык иштери тууралуу видео чыгаргандан кийин эле Ташиевге жакпай калганын айтат.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Темировго козголгон кылмыш иш менен журналисттик иликтөөлөрдүн байланышы жоктугун, ал башкарган мекеме бул ишке дээрлик аралашпаганын айтууда.

Милиция кызматкерлери 22-январда Болот Темировдун кеңсесин тинтип, өзүнө колуна кишен салып алып кетип жатышат. Сүрөт: Азиза Раимбердиева

Бул иликтөөнү даярдаш үчүн OCCRP жана «Клооптун» журналисттери Темировдун иши боюнча документтерди изилдеп чыгып, атайын кызмат расмий иликтөө башталганга чейин эле, бир топтон бери журналистти аңдып жүргөнүнө ынанышкан. Документтер журналисттерге таанымал булактан алынган, ал редакциянын колунда турат.

Милициянын маалыматына ылайык, Темировго каршы далилдердин олуттуусу, алгачкы, гашиш сактоого байланышкан иликтөөнүн алкагында табылган. Бирок документтер УКМК мындан бир топ мурда эле Темировдун ички паспорту тууралуу маалымат суратып, журналисттин кыймылына көз сала баштаганын көрсөтүп турат. Ал убакта Темировго эч кандай кылмыш иши козголо электигин эске алганда, бийликтин Темировго кызыгуусуна эмне негиз болгон деген суроо туулат.

Ал тургай январдагы Temirov Live’дын кеңсесин бастырып кирүүнүн жүйөөсү дагы күмөн жаратат. Дал ошол күнү журналисттин чөнтөгүнөн түйүнчөккө оролгон гашиш табылган.

Акыркы жылдары буга окшогон эки окуя катталган: укук коргоочу Камил Рузиев жана популярдуу блогер Батмакан Жолболдуева кыргыз саясатында таасири күчтүү бирөөнүн куйругун басып алып, кийин карьерасынын таш-талкан кылган, оозду ачырган айыптоолорго кабылышты. Көп өтпөй аларга кошумча айыптар, анын ичинде документтерди жасалмалоо боюнча кине коюлган.

Кыргызстандык юрист жана укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбекке дагы саясий мүнөздөгү айып тагылып, ал Австриядан башпаанек алууга аргасыз болгон. Укук коргоочу кыргыз бийлиги адатта, мындай иштерди адамдын абийирине доо кетирип же жеке маалыматтарына ээ болуу максатында козгойт дейт.

«Иликтөөгө уруксат алган соң алардын укуругу узарып, түрдүү маалыматтарды сурата алышат», — дейт ал OCCRP’ге.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаров 2020-жылдын аягында парламенттик шайлоодон кийинки массалык наарызылыктардын шартында кызматка келишкен. Укук коргоочулар менен саясат талдоочулар бийлик алмашып жатканда көптөгөн демократиялык процесстер бузулганын айтып чыгышкан. Алар популисттик риториканын көбөйүшү, президентти эбегейсиз бийликке ээ кылган жаңы Конституциянын жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышы кыргыз демократиясын алсыратарын эскертишкен. 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (солдо) жана ага 2020-жылы бийликке келүүгө көмөктөшкөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Укук коргоочулар Темировдун иши маанилүү индикатор болот деп эсептешет.

«Темировдун соту Кыргызстан мыйзамдарды канчалык сактаарын, кабыл алынган нормаларды жана басма сөз эркиндиги сыйлайбы-жокпу көрсөтөт», — дейт Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) программалык координатору Гүлноза Саид.

Бийлик, анын ичинде Ташиев OCCRP’нин жана «Клооптун» суроолорун жоопсуз калтырды, бирок башка ЖМКга берген комментарийлеринде кандайдыр бир айыптоолорду четке каккан.

Көкүтүү кампаниясы

Азыркы териштирүү — Темиров жана анын командасы бийликтин басымына кабылган биринчи эле учур эмес.

2021-жылдын октябрь айында Temirov Live’дын кызматкерлери кеңсенин алдында шектүү унаалар пайда болгонун байкай башташкан. Бир нече айдан кийин журналисттин жакындары Темировдун ижарага алып жашап жүргөн батиринен видеокамера табышкан. Камера туш кагаздардын артындагы кичинекей жыртыкка жашырылган. Темировдун айтымында, камерага жаздырылган видеолор кийин соцтүйүнгө чыгып, пропагандалык максатта колдонулган.

Көкүтүүнүн эң оор эпизоду интимдик видео аркылуу шантаж жасоо болгон: Temirov Live’дын кызматкери жаш жигит менен мамилеси болгон, маалымат булактарына ылайык, ал УКМКнын кызматкери. Экөөнүн жыныстык катнашын жашыруун тартып алып, кийин кызды коркутуп, кесиптештеринин баскан-турганын айтып турууга мажбурлашкан. Кыз андан баш тартканда видеону соцтүйүнгө чыгарып салышкан.

Эгер мурда Temirov Live’дын журналисттерин коркутуп, аңдып жүрүшкөн болсо, быйыл жыл башынан тартып абал ого бетер курчуган.

22-январдын кечинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери редакциянын кеңсесин тинтүүгө алышкан. Темировго жана кесиптештерине жерге жатуу буйругу берилген. Андан соң башкы редакторду тургузуп, чөнтөгүн кагууну буйрушкан. Буюмдардын арасында кичинекей жашыл түстөгү полиэтилен баштыгы чыккан — ал гашиш экени анык болгон.

«Салып коюшту!» — деп кыйкырган Темиров милиция аны кеңседен чыгарып кетип баратканда.

Көп өтпөй эле бийлик журналистке дагы үч пункт боюнча айып таккан. Алар Темировдун, көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле, орус жарандыгы бар экенин, ички жана тышкы паспортту алуу үчүн документтерди жасалмалаган деп билдиришкен. Мунун негизинде алар журналистти башка өлкөгө чыгууда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп дагы айыпташкан.

Бир айдан кийин ИИМдин тергөөчүсү журналисттин паспортун жокко чыгарган.

Паспорт иши

Кыргыз жарандыгына толук кандуу укуктуу Болот Темиров Орусиянын дагы жараны деп эсептелет. Бийликтегилер болсо ал кыргыз паспортун алуу үчүн чоочун бирөөнүн документтерин колдонгон деп айтууда.

Темиров 1979-жылы советтик Кыргызстандын аймагында туулган, бул ага туулгандан эле кыргыз жараны болууга укук берет.

2001-жылы Темиров Москвада окуп жүргөндө Орусиянын жарандыгын алган. Кыргызстанда кош жарандуулукка айрым бир чектөөлөр бар, бирок эки паспорт алып жүрүүгө тыюу жок.

2006-жылы Темиров мекенине кайтып келип, мамлекеттик телеканалга ишке орношкон. Эки жылдан кийин кыргыз паспортун алган.

Бийлик болсо Темиров паспортту мыйзамсыз алган деп жатат. Алардын айтымында, Темиров берген документтер — адатта паспорт алганга чейин берилүүчү өздүгүн тастыктоочу убактылуу күбөлүк жана аскердик билети жасалма.

Журналист өзү документтерди жасалмалабагынан айтууда.

Тергөөгө карата суроолор

Айыптоолор олуттуу жана өжөрлүк менен тагылып жатканын эске алганда дагы, бир топ суроо жаратат — иликтөө демилгеленген датанын өзү күмөн санатат.

Январдагы рейдге Айпери Адыл кызы деген кыздын Темировдун командасы менен кызматташып, иликтөөлөрдү ырга салып, төкмөлөрдүн мотиви менен элге жайылткан акын Болот Назаровго карата даттануусу негиз болгон. Адыл кызы Назаров аны баңгизат колдонууга мажбурлаганын, бул окуя Temirov Live’дын кеңсесинде дагы болгонун айтып чыккан. Кыздын айтымында, Назаров тыюу салынган затты ага Болот аттуу жетекчиси бергенин айткан. Ал редакциянын дарегин дээрлик туура атаган.

Күндүз милиция кызды суракка алып, көрсөтмөлөрүн протоколго киргизип, болжолдуу мыйзам бузуучу деп Болот Назаровду белгилешкен.

Кийин өтө кызык окуя болгон. Алар кылмыш ишин ачып, шектүү — «Болот аттуу белгисиз жаран» экенин айтышкан.

«Теориялык жактан алып караганда, эгер тергөөчүлөр мыйзам бузган киши ким экенин аныктаса, анда анын бетин ачууга милдеттүү», — дейт укук коргоочу жана юрист Лейла Назгүл Сейитбек OCCRP жана «Клооптун» журналисттерине. Ал тажрыйбада дайыма эле мындай боло бербестигин кошумчалап: айрым учурда укук коргоо органдары кылмышкердин ким экенин жашыруун калтырууну каалайт деп кошумчалаган.

Болжолду 1,5 сааттан кийин алар Адыл кызын кайрадан суракка алышкан, бул ирет ал жабырлануучу катары сурак берген. Ал айрым жагдайларды башкача айткан, бирок аны Назаров марихуана чегүүгө мажбурлады деген сөздөрүнөн баш тарткан эмес.

Сурактан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери документтерди даярдап, тергөөчүлөргө өткөрүп беришкен. Алар бул жолу дагы болжолдуу шектүү катары Болот атту «белгисиз» кишини айтышкан.

Балким, дал ушул негизде ошол күнү кечинде Темировдун кеңсесине бастырып кирип барышкан болушу мүмкүн.

Окуя болгон жерге шашып жеткен журналисттердин, адвокаттардын жана тарапташтардын жолун жашыл беткап кийген адам тороп турат. Булак: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Милиция документтер жасалмаланганы тууралуу маалыматтарды баңгизат боюнча ишти териштирүүдө тапканын айтып ишендиришүүдө.

УКМКнын төрагасы Ташиев иште ал башкарган мекеме чечүүчү роль ойнобой турганын билдирген. Бирок тергөөнүн документтери иликтөө январга чейин эле башталганын — жана УКМК ага башынан эле катышканын ачыктап турат.

Иштин материалына таянсак УКМКнын кызматкерлери Темировдун ички паспорту тууралуу маалыматтарды Адыл кызы милицияга кайрылганга чейин эле эки ай мурда суратышкан. Материалдардын арасында Санариптик өнүктүрүү министрлигин 23-ноябрдагы каты бар — бул Темировдун ички паспортунун маалыматтарын берүү тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин өтүнмөсүнө жооп болгон.

Документте кандайдыр бир алгылыктуу маалымат жок, бирок документтин өзү эле атайын кызмат расмий иликтөө башталганга чейин эле, Темировдун жарандыгына кызыгып жүргөнүн айгинелейт.

Анда журналистке карата тергөө баштала элек болчу, демек укук коргоо органдары (улуттук коопсуздукка жооп берген УКМК андан бетер) анын паспортуна кызыктар болууга мыйзамдуу негиз жок болчу.

Бишкектик юрист Эрмек Байбосуновдун айтымында, аңдуу үчүн укук коргоо органдарынын колунда талашсыз жүйөлөр болушу керек.

Документте мамлекеттик чек арадан өткөнү тууралуу авиа маалыматтар камтылган, бул УКМКнын кызматкерлери Адыл кызы арызданганга чейин эле Темировду аңдып жүргөнүн тастыктайт. Файлдардын биринде 2021-жылдын 27-майында Темиров Стамбулга учканы айтылат. Ал паспорттук тешерүүдөн өтүп жатканда чек арачылар бул тууралуу УКМКнын 5-бөлүмүнө кабар беришкен. ЖМКлардын маалыматына ылайык, 5-бөлүм медианы көзөмөлдөөгө жооптуу. (Бир ай мурда Temirov Live Ташиев тууралуу биринчи видеосун жарыялаган кез).

Мындан тышкары, документтер УКМК Темировдун иликтөөсүн мамлекетке коркунуч туудурат деп эсептегенин тастыктап турат. Temirov Live’дын YouTube-каналын көрүп чыккандан кийин алар видео «республиканын жогорку аскерий-саясий жетекчилигин дискредитациялоого багытталган, бул өз кезегинде наразы маанайды күчөтөт жана коомдук-саясий абалга терс таасир этет» деген бүтүм чыгарышкан.

Батур СНБ С5?

УКМКнын бул ишке аралашканын тастыктаган далил иликтөөдөгү документтер гана эмес.

Январда Темиров камакка алынгандан кийин ал командасы менен бирге кеңседеги рейдди дыкат анализдеп чыккан. Милиция тарткан видео, видеобайкоочу камераларындагы тасма, укук коргоо органын кызматкерлеринин кеңсени тинтүүгө алганга чейин журналисттер тартканга үлгүргөн тасмалар ошол кечтеги окуяны кайрадан түзүп, күмөн жараткан бир нече эпизодду аныктоого түрткү берген.

Бул жерде башкысы тинтүүнү ишке ашырган эки координатор аныкталган. Ошол кечте алардын телефондору тынбай, кимдир бирөөдөн көрсөтмө, тапшырма алып жаткандай элес калтырган. Алардын бирөө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында да, ИИМдин атайын даярдыктагы аскер бөлүмүндө да иштебейт өңдөнөт.

Экинчиси Temirov Live’дын кеңсесине жакындаганда видеого тартып жаткан милициянын операторуна бир аз күтө турууну буйруган.

Качан ал киргенде ыкчам кызматкерлердин биринчи тобу ичкериде бир мүнөтчө болуп, редакциянын кызматкерлерин жерге жаткырып үлгүргөн — демек кимдир бирөө кадрга түшүп калам деп коркпостон, Темировдун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшу толук мүмкүн. (Temirov Live’дын кызматкерлери видеобайкоочу камералардагы тасмаларды компьютерде сакташчу, укук коргоо органдары техниканы конфискациялоо менен аларды маанилүү көз карандысыз далилден ажыраткан).

Кийин Temirov Live’дын командасына иликтөөгө жардам берген Bellingcat’тин журналисти оперкызматкерлердин биринин телефонунун экранындагы сүрөттү калыбына келтирген. Аны менен сүйлөшкөн киши телефондо «Батур СНБ С5» деп сакталган.

«СНБ» — УКМКнын мурдагы аталышы, ал эми «С5» болду-болбоду бешинчи бөлүмгө тиешелүү болушу мүмкүн.

Июлдун башында, Temirov Live’дын кызматкерлери конфискацияланган техникасын кайра алганда, 24-январда — рейдден эки күн өткөндөн кийин — компьютерлерди кимдир бирөө чукулаганын аныкташкан. Журналисттердин айтымында, тергөөчүлөр жабдыктарды текшерүүгө соттук ордерди 28-январда алышкан, демек алар мыйзам бузушкан. Temirov Live’дын командасы алардын компьютеринен алынган кадрлар коюлган пропагандалык видеолорду интернетке дал ошол аралыкта таратышкан.

Салттуу ыкмалар

УКМК — Кыргызстандын эң таасирдүү күч түзүмү. Ведомствонун тарыхы советтер союзундагы КГБга барып такалат.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин доценти жана постсоветтик чөлкөмдө укукту колдонуу боюнча эксперт Эрика Мараттын айтымында, УКМК дайыма саясатташып, өкмөткө ыктап келген. Мекеменин кызматкерлери адамдарды жасалма айыптар менен кармап, ал тургай режимге каршы чыккандардын көзүн тазалайт дейт ал.

Эрика Марат алар акыркы жылдары жарандык коомду бутага алганын да айтат.

«Негизи, алар [Темировдун] оозун басууга аргасыз кылууну каалап жатышат, ошону менен катар коомчулукка: “Өзүңөр демократиялык процесс деп атаган процесстерден алыс болгула”деген чакырык таштайт», — деди ал OCCRP’ге.

Болот Темиров 24-июндагы сот отурумунда. Сүрөт: «Клооп»

Айрым учурда коомчулукка анчалык деле белгилүү болбогон ишмерлер муш жеп калат. Кыргызстандын түштүндө жашаган активист айым (кайрадан атайын кызмат көз кырын салбасын деп чочулап, аты-жөнүн жашырган) УКМК анын Twitter барагын бузууга аракет кылганын айтат. Балким активист COVID-19 пандемиясынын тушунда өкмөттүн аракетине сын айтканы үчүн болушу мүмкүн.

Активист агенттер аны телефон номери аркылуу табууга аракет кылышканын, бирок сим-картасы башка кишиге катталганын айтып берди. Ал киши активистке кесиптеши аркылуу чыгып, УКМКнын кызматкерлери издеп жүргөнүн кабарлаган.

«Алар толгон-токой катталуучусу бар чыныгы инфлюенсерлердин эмес, мага окшогон активисттердин артынан түшкөнү өтө таң калыштүү», — дейт ал.

Атайын кызмат кимдир бирөөнүн изине чындап түшсө, соцтүйүндөр менен чектелип калбайт. Көп учурда Болот Темировго карата колдонулуп жаткан ыкмалар иштейт.

Камил Рузиев. Cүрөт: Камил Рузиев / Facebook

2020-жылдын май айында Каракол шаарында жашаган тажрыйбалуу укук коргоочу Камил Рузиев УКМКга суракка чакырылган. Ал атайын кызматка каршы жазган төрт арызды кароо үчүн чакыртылган — анда комитет Рузиевди коркуткан милиция кызматкерине карата териштирүү жүргүзгөн эмес.

Рузиевдин айтымында, ал УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө келгенде бир бөлмөгө камап, кыйнап коркутушкан. Атайын кызматтагылар Рузиев башка иштин алкагында дарыгерлердин корутундусун жасалма кылган делген айыпты мойнуна алуусун каалашкан. Укук коргоочу алардын талабына көнбөгөнүн айтат.

Рузиев эки күндөн кийин гана эркиндикке чыккан: ал камакта отурганда ачкачылык жарыялап, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Ал дароо эле аны мартта документтерди фальсификациялоого, ошондой эле укук коргоочу катары жардам берген адамдарды алдоого айыпталганын билген.

Рузиевдин айтымында, качан гана «жабырлануучулар» атайын кызмат аларды Рузиевге жалаа жабууга мажбурлаганын айтып чыгышканда гана прокуратура «алдамчылыкка» айыптаганын токтоткон. Фальсификациялоо боюнча айыптоо дале күчүндө.

Өлгөндөн кийинки психиатриялык экспертиза

Темиров — быйыл бийликке сын айтканы үчүн саясий өңүттө айып тагылган жалгыз сынчы эмес. Temirov Live командасынын кеңсесинде тинтүү болгондон эки айдан кийин, видеоблогер Батмакан Жолболдуева өтө эле абсурд иштин алкагында, «кокустуктан киши өлтүрүүгө себеп болууга» айыпталган. Ага дагы эки пункт менен айып тагылууда, алардын арасында документтерди фальсификациялоо да бар.

Жолболдуеванын Баткен облусунда күйөрмандары көп. Февралдын башында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов менен кайым айтышып кеткен. Чиновниктин кызды түрткөн видеосу камерага түшүп калган. Ураимов блогер чагымчылдык кылганын жанан андан соң «бейбаштык» беренеси менен айып тагылганын билдирген.

Мартта ал жергиликтүү журналист Арзыгүл Галымбетованын кечинде кафеде губернатор жана эки инвестор менен жолугушканын тартып алган. Видеону Жолболдуева интернетке чыгарган. Ал эми Галымбетова милицияга арыз жазып, Жолболдуеваны жеке жашоонун кол тийбестигин бузду деп айыптаган. Андан соң Галымбетова Жолболдуева жана дагы бир блогер аны окутуп салганын айткан видеосун чыгарган. Кийинки түнү Галымбетова каза болуп калган.

Өлүмдүн себеби астма оорусу экени аныкталган. Кийин укук коргоо органынын кызматкерлери таң калыштуу кадамга барышкан: өлгөн аялга психатриялык экспертиза жүргүзүүгө буйрук беришкен. Адистер психикалык жактан оорунун белгилерин аныктай алышкан эмес. Ошондон кийин тергөөчүлөр күбөнүн жана Галымбетованын эжесинин көрсөтмөсүнүн негизинде Жолболдуеваны этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген аракеттер беренеси боюнча айыпташкан.

Кармалгандан кийин көп өтпөй эле, Жолболдуевага башка иштин алкагында документтерди жасалмалоо боюнча айып тагылган: анда Жолболдуева «Батма-Бат Элдик көзөмөл» жарандык уюмун каттоодо анын негиздөөчүлөрүнүн биринин колун жасалмалаган деп айыпталган. Учурда Жолболдуева камакта.

Рузиев Темировдун ишинде эч кандай үмүт арткысы келбейт. Анын айтымында, журналист же активистке айып тагуунун эки оңой жолу бар: баңгизат салып коюу же улуттар аралык кастыкты козутууга айыптоо.

Темировго карата экинчи ыкма деле колдонулушу толук мүмкүн. УКМКнын полковниги Temirov Live’дын видеолорун карап чыгып төмөнкүдөй бүтүмгө келген: «Жогорудагы публикацияларда бийликти басып алууга ачык чакырык, этностор аралык же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар болушу мүмкүн».

Share
Автору
«Клооп» жана OCCRP