«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева эки айга камалды

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 14-июлда Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Учурда «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши тергелип жатат.

Акинай Бекмурзаева 11-июлда кармалган. ИИМден үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап өлкөнүн бардын аймактарынан аталган кооперативдин үстүнөн арыздар түшкөнүн билдиришкен.

Тургундар аталган кооперативге акчаларын салып, бирок убадаланган мүлктү албаганына даттанышкан. Ал эми «Ихсандын» мүчөлүгүнөн чыккан тургундар акчаларын кайтарып ала алган эмес.

Жалпысынан келтирилген зыян 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. «Ихсан» кооперативи бул сумманын ордун толтурган эмес.

Мындан улам ИИМ кооперативдин үстүнөн «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМден аталган кооперативде каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтышып, кыргызстандыктарды ага кошулуудан карманууга чакырышты. Ошондой эле кооперативге салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экенин эскертишти.

Буга чейин аталган кооперативге нааразы болгон тургундар бир нече жолу митингге чыгышкан. Убадаланган мүлктү ала албаган кооператив мүчөлөрү акчаларын кайтарууну талап кылышкан. Ошондой эле бийликтен бул ишти көзөмөлгө алууну суранышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды

«Ташиев көңүл бур». Ошто «Ихсан» кооперативине нааразы болгондор митингге чыгышты

«Ихсандын» жетекчиси кооперативдин айланасындагы чуулар боюнча үн катты