Молдомуса Конгантиевдин уулу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Автандил Конгантиевди Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу Бажы кызматынын сайтында айтылат.

Автандил Конгантиев деген ким?

Бажы кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Конгантиевдин эмгек жолу 2005-жылдан 2022-жылга чейин бажы тармагы менен байланыштуу болгон. Ал жакта Конгантиев 2005-жылдан тартып «Манас» өтмөгүндө бажы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору катары иштеп баштаган.

Автандил Конгантиев 2016-2017-жылдары «Ош» бажысынын жетекчисинин орун басары, кийин 2020-жылдан 2021-жылга чейин «Манас» бажысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болууга жетишкен. 2021-жылдан 2022-жылга чейин «Түндүк» («Северная») бажысынын башчысы болгон.

Экс-министрдин уулу

Автандил Конгантиев 2008-жылдан 2010-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген Молдомуса Конгантиевдин уулу. Экс-министр өзү Курманбек Бакиевдин ишенимдүү адамы деп эсептелчү.

Молдомуса Конгантиев.

Конгантиев 2010-жылы апрель революциясы учурунда Таласта катуу сабалган. Андан кийин жубайы аны Москвага дарылатууга чыгарып кеткен. Убактылуу өкмөт аны издөөгө жарыялаган. Орусия Конгантиевди Кыргызстанга өткөрүп берген.

ИИМдин экс-башчысы 2010-жылдагы революцияда шалаакылык кылган жана ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталган. Ал эми 2018-жылы ага карата кылмыш иши кыскартылып, кийин кайра жанданган. Конгантиевди 6 жылга соттоп, 100 миң сом айып салууну каалашкан.2019-жылы сот Конгантиевге актоо өкүмүн чыгарган. Мүлкү камактан алынып, эч жакка кетпөө тил каты жокко чыккан.Молдомуса Конгантиев 2022-жылдын 12-февралында дүйнө салган.

Материалдын автору Аделя Именова