Борбор Азия башчыларын тоскон кыздардын кийими: Инфочуубу же көйгөйлүү маселеби?

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн IV Консультативдик кеңеши өттү. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлери өз ара пайда алып келүүчү маселелерди талкуулап жаткан чакта соцтүйүндөрдүн кыргыз сегментин таптакыр башка маселе тынчсыздандырды — президенттерди тоскон кыздардын тышкы кийими.

Интернетте кыздардын кийими кызуу талкууланып, соцтүйн колдонуучуларынын ортосунда ача пикирлер жаралды. Кээ бири кыздар татыктуу эле кийинген, улуттук колоритти чагылдырып турат десе, башкаларын кыздардын башындагы чалма кыжаалат кылган.

«Бийкечтердин, бойго жеткен кыздын, күйөөсү бар келиндин баш кийими ар башка болчу. Баш кийим үй-бүлөнүн абалын жана кыздын үй-бүлөдөгү ордун билдирип турат. Ошондуктан, бул оюнчук эмес», — деп жазган Твиттер колдонуучуларынын бири.

«[Кыздардын] баштарында эмне болгон сүлгү? Бул идеологиялык диверсия! Кыргыздын улуттук кийими: тебетей, үкү топу, жөнөкөй көйнөк жана анын үстүнөн оймолор түшүрүлгөн чыптама (кемсел). Биздин кыздар эч качан селде кийишкен эмес, ал эми элечек милдеттүү түрдө түз формада болот. А бул болсо — африкалык күңдөрдүн кийими. Бул үчүн протоколдун жетекчиси жооп бериши керек», — деп жазган Фейсбук колдонуучусу.

Ал эми дагы бир Фейсбук колдонуучусу Адилет Аланов кыздардын кийимин такыр эле «орунсуз» деп атады.

«Бул кийим Кыргызстан акыркы 20 жылда канчалык деградация болгонун көрсөтүп турат. Эми ушул эле нерсенин, мисалы, Орусияда болуп жатканын элестетип көргүлө. Башына улуттук кокошник салып, бирок балдахинчен кыздар, алыстан караганда индиялык сарилерди элестеттирмек. Кадимки өтүктүн ордуна “бомбей” стилиндеги сандалияларды кийип алышса. Элестетиңиз, аэропортто наны менен тузун көтөрүп алып эл аралык делегацияны ушундай кыз тосуп алып жатканын. Креативдүү моданы жакшы көргөн менин сүйүктүү мекендеш кыздарым, ар кандай оозду ачырган модаларды көрүп бузула элек жөнөкөй эл үчүн бул кандай гана маданий шок болгонун өзүңөр деле ойлонуп көрсөңөр», — деп жазды ал.

Кийимдердин дизайнери бул тууралуу кандай ойдо?

Президенттерди тоскон кыздардын кийимине карата тынбай айтылган сындардын шартында кийимдердин автору Назира Бегим өзү да ою менен бөлүштү.

Ал кийимдер бир нече дизайнердин эмгеги экенин белгиледи.

«Бул кийимдер төрт дизайнердин кийимдеринин айкалышы. Көп кийимдерди изилдеп, өлкө башчыларын тосууда, сулуулукту, улуулукту, этиканы, тазалыкты да көрсөткүбүз келди. Эң мыкты жасалган деп билем.

Кызыл көйнөктөр Ирина Унсаландыкы, үстүндөгү чапандар жана көк көйнөктөр Жамиля Стамбекованыкы, көк көйнөктөрдүн үстүндөгү жүндөн (войлок) атайын колго жасалган чыптамалар жаш дизайнер Апал Акматбекованыкы, ал эми кыздардын башына оролгон жоолуктар Азия Инновациялык колледжинин дизайнер студенттеринин эмгектери», — деп жазды дизайнер.

Дизайнер жаңы нерсе дайым өзгөчө көрүнүп, кэ бирин суктандырып, кээ бирин чочулатарын белгиледи.

«Эми жаңылык нерсе албетте дайым өзгөчө көрүнөт, кээ бирин таң калтырат, кээ бирин суктандырат, кээ бирин чочутат. Себеби баягы эле бир көрүнүшкө көнүп калышкан. Кээ бири шөкүлө дейт. Шөкүлөнү кыз бала турмушка узаганда киет, элечек, үкү топу мындай иш-чараларда тосууда кийилбейт. Жакшынакай кылып ородук. Бул жоолуктар атайын сайма менен куралган, колго жасалган. Официалдуу мындай иш-чарага ылайык, сонун. Бир жакшы ой, жакшы тилек менен пикир калтырганды билели. Ал эми эркектердин, аял кишинин кийимине чейин аралашып кеткени — уят», — деп белгиледи ал.

Назира Бегим кыргыз кызынын кыялын, ыймандуулугун жана бийиктигин көрсөткөн дагы бир атайын кийимдер даярдалып жатканын кошумчалады.

Бул көйгөйдүн артында чындыгында эмне жатат?

Ал эми жазуучу жана изилдөөчү Алтын Капалова башка маселеге, аялдар, ал тургай кээде жаш кыздар чиновниктерди тосууда жасалгага катары көрсөтүлүп жаткан салтка көңүл бурду.

«Мага ушул аялдар улуттук кийим кийип алып чиновниктерди тоскон жосунсуз салт дагы деле сакталып калганы жакпайт. Бир нерсе болсо эле улуттук кийинген аялдар же бийлешет же болбосо ысык, суук, жаанга карабай токочу менен боорсокторун көтөрүп туруп калышат. Андайда алар тыкан, татынакай, жылмайып турган болушу керек же такыр эле жаш болуусу керек. Тагыраагы өспүрүм кыздар…», — деп жазат активист.

Анын айтымында, мындай салттар патриархалдык болуп эсептелет жана аялдарды объект катары көрсөтөт.

«Кайсыл бир кезектеги мекеменин ачылышында кичинекей кыздар жупжука көйнөкчөн, ал эми чиновниктер пальточон турганы эсимде. Бул эми эмне деген орто кылымдык каада?

Жанагы чалма кийген кыздарда да айтса болот. Мындай салттар аялдарды объект катары көрсөтөт. Аларды жасалгага айландырат. Адамдар ошол кыздардын моюнунан тартып башына кийген чалмасына чейин тартынбай эле талкуулап жатышканы жийиркентет. [...]

Андан көрө патриархалдык салттардан баш тартпайлыбы? Аялдар саясий окуялардын декорациясы болуунун ордуна саясий процесстерди башкарышы керек», — дейт Капалова.

Укук коргоочу Динара Аляева дагы аялдарды аэропорттогу тосуп алууларда «декорация» катары колдонуу салтына каршы.

«Өлкөдө аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткан шартта аларды расмий иш-чараларда декорация катары колдонуу — аялдарга жана балдарга карата кенебестикти күчөтөт», — деп жазат ал.

Аляева аялдарды президенттерди тосуп алууга тартууну «патриархалдык коомго [ырдалган] гимн» деп дагы атады.

«Көптөгөн өлкөдө конокторду тосуп алууда аскерлер катышат, бул күч жана бийликтин атрибуту, мен алардын арасында аскер аялдарды дагы көргүм келет, бирок андайды көрө элекмин. Келгиле, аялдык тилектештикти көрсөтүп, аялдар аэропорттордогу жогорку деңгээлдеги иш-чараларга премьер министр же президент болгондо гана катышуусуна жетишели», — деп үндөдү Аляева.

Кыздарды жана балдарды аткаминерлердин жолугушуунда колдонуу эмнеге алып келиши мүмкүн?

Кыргызстанда кыздарды саясий окуялар учурунда колдонуу кандай кесепеттерге алып келгенин көрсөтүп турган учурлар арбын.

2020-жылдын декабрында ошол учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо капманиясы жүрүп жатканда үгүтчү кыздардын бири сахнада өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп кулаган.

Окуя 18-декабрда Жапаров элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан учурда болгон. Талапкердин жансакчылары кызды көтөрүп сахнадан алып чыгып кетишкен. Жапаров өзү болсо тез жардам чакырып, кыздын тилин чыгарууну айткан. 2016-жылдын август айында 9-класстын окуучусу эсин жоготуп кулаган. Ал классташтары менен «Семетей» бала бакчасынын ачылышына келе турган Оштун мэрин жана биринчи премьер-министрди күтүп турган. Окучуу кыздар ачылышка таңкы саат 6:30 келишкенин, ал эми иш-чара 8:00гө пландалганын, бирок иш-чара бир саатка жылдырылганын айтышкан.

Аялдар саясаттан тыш

Негизи эле дүйнө жүзүндө аялдарды саясатта объект катары көрсөтүү маселеси терең. Көп учурда кыздарды, кичинекей балдарды жана аялдарды саясий иш-чараларда жасалга же тейлөөчү кызматкер катары көрүүнү каалашат, бирок алардын саясатта болушун калаашпайт.

2021-жылдын декабрына карата маалыматка ылайык, аялдар дүйнөнүн 30га жетпеген гана мамлекети менен өкмөтүн башкарышкан. Борбор Азия мамлекеттеринин парламентинде аялдардын саны 30%дан ашпайт, ал эми жетекчилик кызматтарда же аткаруу бийлигинде алардын саны андан дагы аз.

Кээ бир кызыктуу маалыматтар:

  • дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик жогорку кызматтарда аялдар эркектерге караганда алда канча аз;
  • дүйнө өлкөлөрүнүн жарымында аялдардын саясатта көрсөтүлгөндүгү 20%дан ашпайт;
  • Кыргызстанда кызмат канчалык жогору болсо ал жактарда аялдар ошончолук аз.
  • Аялдарга жогорку кызмат алар жакшы жетекчи боло албайт, алар бала төрөп, үй-бүлө коломтосун сактап үйдө отурушу керек деген стереотиптерден улам берилбейт. Бул стереотиптерден улам аялдар сөзгө калуудан коркуп, дымактарын жоготушат.