ТИМ: Кыргызстан Тайвань боюнча позициясын өзгөртпөйт жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу маалымат берип, кыргыз тарап «бирдиктүү Кытай» саясатын колдой турганын билдирди. Бул тууралуу министрликке таянып «Кабар» улуттук маалымат агенттиги жазды.

«Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй «Тайвань маселеси» боюнча позициясын өзгөртпөйт жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт», — деп белгилешти министрликтен.

ТИМ кыргыз бийлиги Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык менен көз салып жатканын жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүт арта турганын кошумчалады.

Тайванда эмне болду?

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон иш сапары.

2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барып, эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Кытай эл республикасы Пелосинин сапарына каршы болуп, анын Тайванга болгон сапарын мамлекеттин суверенитетин бузуу катары баалады. Ал тургай арал тарапта кыргын салуучу учактар менен аскердик машыгууларды баштады. Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон демократиялуу Тайванды колдоодон баш тартпай турганын белгиледи.

«Дүйнө бүгүн демократия менен автократиянын ортосунда тандоодо турат. Ушундай шартта Американын 23 миллиондук тайвандыктар менен тилектештиги өтө маанилүү. АКШ Тайванда жана дүйнөдө демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгүнөн кайтпайт», — деди Пелоси аралдын президенти менен жолукканда.

Президент Цай Инвэнь спикерге Тайванды көп жылдан бери колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, атайын орден менен сыйлады.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган «Гоминьдан» партиясы өлкөнүн Тайвань аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп эсептейт. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Азыркы тапта Тайванды 15ке чукул өлкө өз алдынча мамлекет катары тааныйт. Ал эми Кытай аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт. Тайвань көз карандысыз мамлекеттин бардык өзгөчөлүктөрүнө жана Кытайдан айырмаланган саясий системага ээ болгонуна карабай анын укуктук статусу бүдөмүк бойдон калууда.

2022-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Тайвандагы тургундардын 5,2% аралдын эртерээк көз карандысыз деп жарыяланышын кааласа, калктын 1,3% Кытайга биригүү демилгесин колдогон.