Аэропорттогу таксисттердин Өзбекстандыктарга кылган мамилеси боюнча 105 таксист суракка чакырылды

Ош эл аралык аэропорту. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева.

Ош эл аралык аэропортундагы таксисттердин Өзбекстандын жарандарына кылган мамилеси боюнча 105 такси кызматкери суракка чакырылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, териштирүүнүн жүрүшүндө Ош аэропортунда 105 айдоочу такси катары кызмат көрсөтөрү аныкталды. Алардын 25и сурак берип бүттү, калгандары кезеги менен көрсөтмө берүүдө.

Өзбекстандыктар эмне деген?

Буга чейин өзбекстандык жаран TikTok платформасы аркылуу кайрылуу жасап, Ош аэропортундагы таксисттерге нааразы болгон.

Ал Орусиядан Ош аэропортуна учуп, андан ары Өзбекстанга өтүп жаткан жарандарды таксисттер зордоп унаасына салып, чек ара бекетине чейинки 6 чакырым жерге ар бир кишиден 500 рублдан алып жатканын айткан.

Ошол эле учурда өкүмзордукка укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын айтып, «мамлекет карабайбы» деп суроо салган.

Таксист эмне дейт?

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча 3-августта текшерүү баштаганын белгиледи.

Аэропортко орнотулган видео байкоо жана сурактын негизинде Өзбекстандын жаранына «жол кире 500 сом» деген киши Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Мөнөк айылынын 46 жаштагы Ильяз Каримбердиев атуу тургуну экени аныкталды.

Сурак учурунда Керимбердиев өзбек жаранын коркутпаганын белгиледи. Анын айтымында, Достук чек ара бекетине чейин бир адам үчүн жол кире акысы 500 сом.

«Эгер 4 адам чыкса ар бирин 300 сомдон алып бара турганымды айткам. Себеби Достукка баратканда гана кардар болот. Кайтканда ал жактагы таксисттер адам беришпейт, ошол үчүн бир адамга барып-келишине төлөйсүң дегем», — деп түшүндүргөн ал.

Ош облустук милициясы учурда териштирүү иштери бүтө элегин белгилеп, бардыгы жыйынтыкталган соң юридикалык баа берилет деп ишендирди.

Милициянын маалыматына ылайык, айдоочулардын чет элдиктерге карата орой мамилеси боюнча 14 кайрылуу түшкөн, анын 7 учуру боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Бул маселе боюнча буга чейин депутат Жанар Акаев да билдирүү жасап, таксисттерди өзбекстандыктарга өкүмзордук кылбоого чакырган. Ал мындай көрүнүшкө чекит коюлбаса «уят болуп бүттүк» деп билдирген.

Тема боюнча:

«Унаага зордоп салышат». Өзбекстандыктардын Оштогу таксисттерге даттануусу териштирилүүдө