Лебединовка: Милиция жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген кишини кармады

Чүй облусунун Лебединовка айылында өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 20 жаштага бала кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Окуянын бардык жагдайы териштирилип, күнөөлүүлөрдү мыйзамдын чегинде толук жоопко тартуу үчүн чара көрүлөт», — деп белгилешти милициядан.

17 жашар кыздын зордукталганы 8-августта белгилүү болгон. Анда жабырлануучунун апасы кызы 7-августка караган түнү зордукталганын айтып берген. Анын айтымында, алар болжолдуу «Алтын Казына» кафесинде иштеген адамдар болгон.

Чүй ОИИБнен иштин жагдайлары боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып, андан соң экспертиза дайындалганын билдиришкен. Натыйжада милиция «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын пикиринде, бул иш боюнча «зордукчулар, ресторандын жана отелдин администраторлору менен алардын ээлери» жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Эки бала кызды “Алтын Казына” ресторанынын жанындагы отелде түнү менен зордукташыптыр, алар ошол ресторандын кызматкерлери экен. Отель 17 жашар кызды жашын сурабай туруп эки киши менен оңой эле киргизип койгону отель андай көрүнүштөргө көнүп калган, ал эми тигил кишилер ал жерге буга чейин барып жүргөн деген ойго түртөт», — деп жазды укук коргоочу.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ал эми өткөн жылдын январында ИИМ Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккенин билдирген. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.Эгерде сиз жана сиздин таанышыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, бул материалда көрсөтүлгөн кризисттик борборлорго кайрылса болот.

Тема боюнча: Алты жашар кызды зордуктады деген шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылууда

ИИМ: Жыл башынан бери өлкөдө балдарга карата 400дөн ашуун зомбулук фактысы катталды