«Тазалыкта» таштанды чыгарып иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 2000 сомго көбөйдү

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, июль айына карата ишканада жүк ташып иштеген кызматкерлердин маянасы 2 миң сомго көбөйгөн.

«Бул акча 15-августта 127 катуу таштанды чыгаруучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында дагы көтөрүүнү пландап жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Баш калаа мэриясынан ишканада учурда 9 унаа оңдолуп бүткөнүн кошумчалашты.

«Учурда борбордо 48 атайын техника иштеп жатат. Ошондой эле, Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталды. Буга байланыштуу кошумча 60 даана контейнер сатып алуу пландалууда», — деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле мэрия акыркы күндөрү калаа тургундарынан таштандылар убагында чыгарылбай жатканына үчүн даттануулар көп түшкөнүн моюнга алышты. Муниципалитеттен «Тазалыктын» жана жеке компаниялардын кызматкерлери күнү-түнү иштеп, акыр-чикирлер калктын саны өсүп, техника тартыш болуп жаткандыктан көбөйүп кетип жатканын айтып ишендиришти.

Буга чейин шаар тургундары таштандылар убагында чыгарылбай жаткандыктан «Тазалыктын» ишине даттанган, мындан улам ишканынан директору менен орун басары кызматтан алынган. Ал эми муниципалитет таштанды үймөктөрүнөн арылуу үчүн жеке фирманын 16 унаасын ишке тарткан.