Депутат коррупция үчүн соттолгон адамды соттуулугу жоюлган болсо да бийликке келтирбөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев коррупция жана башка кылмыштар боюнча соттуулугу бар жарандарды бийликке келтирбөөнү сунуштады. Мыйзам долбоору 23-августта коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адамга соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер кабинетинин төрагасы же мүчөсү болууга тыюу салууну сунуштады.

Документте Кылмыш-Жаза кодекси боюнча коррупциялык же башка кылмыштарга төмөнкүлөр кирерин эске салышты:

  • коррупция;
  • кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу ;
  • бийликтен аша чабуу;
  • билип туруп пайдасыз контракт түзүү ;
  • мыйзамсыз баюу;
  • Кызмат адамынын ишкердик ишке катышуусу;
  • пара алуу;
  • опузалап пара алуу;
  • пара алууда ортомчулук кылуу;
  • пара берүү;
  • кызматтык жасалмачылык;
  • паспортту мыйзамсыз берүү;
  • шалаакылык.

Сунушталган чектөөлөр мамлекеттик бийлик органдарында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы «натыйжалуу күрөшүү» максатында киргизилип жатканы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн алдын алуучу чара катары кызмат кылары белгиленет.

«Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, соттуулугу жоюлбаган адам өлкө башчысы же парламент депутаты боло албайт. Ошондой эле соттулугу жоюла элек жаран минкабдын жана аткаруу бийлигин башка органдарынын дагы жетекчилигине дайындала албайт.

Буга чейин депутат Токторбаев дагы бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Эл өкүлү экс-президенттерди мамлекеттик дача жана байланыш кызматтарын колдонууну мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну, ошондой эле аларга мамлекеттик күзөт жана коммуналдык кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик бюджеттен каржылоону токтотууну сунуштаган.

Документке ылайык, экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну токтотушу керек. Ошондой эле экс-президент мамлекеттик күзөттү өз эсебинен гана пайдалана алары айтылган.