Чүй: Аскерлер бараткан автобус жол кырсыгына кабылып, 21 адам жабыркады

Чүйдө Аскердик институттун курсанттары бараткан автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-августта 25 курсант «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексинде аскердик ант берген.

Андан чыгып, Бишкекти көздөй баратканда унаа жол боюндагы даракты сүзгөн.

Министрликтен кырсыктан жалпы 21 адам жабыркап, анын 9у ооруканага, 12 си аскердик госпиталга жаткырылганын билдиришти.

Соцтармактарда окуя болгон жерден видео тарады. Анда аскер формасындагы бир нече адам жерде жатканын, чогулган адамдар ызы-чуу болуп, аларга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.