Сокулукта жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган 47 жаштагы киши кармалды

Сокулукта жашы желе элек кызды зордуктоого аракет кылган 47 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБне таянып «Сводка Акипрес» жазды.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 31-августка караган түнү болгон. Милициядан шектүү 2005-жылкы кызды күч колдонуп зордуктоого аракет кылганын, бирок жакын жерде бараткан төрт бала жардам сураган кыйкырыкты угуп чуркап келип, өспүрүмдүн жанындагы кишини кармашканын айтышты. Алар кармап алган кишини Сокулук РИИБне жеткирип беришкен.

Чүй ОИИБнен факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирип, шектүү убактылуу крмоочу изоляторго киргизилгенин кабарлашты.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башынан бери өлкөдө балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.