Блогердин постунан кийин «Манас» аэропортундагы Канаданын тоолору тартылган баннер алынды

«Манас» аэропортуна Канаданын тоолору тартылган баннер илинген. Аны байкап калган блогер Тынчтыкбек Мухамбетов Инстаграм барагынын тарыхчасына пост жарыялаган.

«Эгер турист ошол жерге барам десе, Канадага салып ийгиле», — деген ал тартып алган баннерди какшыктап.

Ал эми «Манас» аэроптортунун басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына азыркы учурда баннер алынып, жакын арада жаңысына алмаштырыларын билдиришти.

«“Манас” аэропорту активдүү, байкоо жөндөмү күчтүү жүргүнчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдирет! Кыргызстандын керемет жаратылышын Швейцария, Канада, Исландия, Шотландия, Израиль жана башка жана башка өлкөлөрдүн табияты менен салыштырышат, себеби ал түрдүү жана укмуштуудай», — деп билдиришти аэропорттон.