Видео: «Эсимде» — Кыргызстандын тарыхындагы боштуктарды толуктаган изилдөөчүлөр

«Эсимде» — бул тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн күбөлөрдөн интервью алган активисттердин тобу. Алар интервьюлары аркылуу кыргыз тарыхын толуктоого жана тактаганга аракет кылышат.

1916-жылдагы Орус падышалыгынын колониализмине каршы көтөрүлүштү изилдөө «Эсимде» командасынын эң эле ири эмгеги болду. Аталган окуяны эскерүү күндөрү «Эсимде» тилектештери менен бирге Үркүн өткөн жолго тур уюштуруп, каргашанын курмандыктарын эскеришти.

Кыргыз тарыхында 1916-жылдагы Орус падышалыгына каршы борбор азиялык көтөрүлүш Үркүн деп аталат. Көтөрүлүштө жана элди басуу учурунда Кыргызстанда миңдеген, ал тургай он миңдеген адам набыт болгон. 100 миңден ашык кыргыз Кытайга качып, алардын көбү жолдо баратып ажал тапкан.