ЖКККББ: Тез жардам жана өрт өчүрүүчү унааларга айыптар техникалык катадан улам жазылып калууда

Коопсуз шаардын камералары атайын жана ыкчам кызматтардын унааларын айдагандарга белги берүүчү жарыктарын күйгүзүп баратканына карабастан штрафтарды чыгарып берүүдө. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Врач на скорой» барагында айтылат.

«Айдоочу оор абалдагы бейтапты алып баратканда жол кыймылынын эрежесин бузат. Жөн жерден эле штраф төлөп калып жатат», – деп айтылат баракта.

ЖКККББдан «Клооптун» кабарчысына айып пул төлөө тууралуу электрондук токтомдор мониторинг борборунда автоматтык түрдө толтуруларын, ал жерде кээде техникалык каталар кетиши мүмкүн деп түшүндүрүштү.

«Эгер тез жардам унаасы белги берген жарыгын күйгүзүп баратса, электрондук айып пул кагазы жазылбайт. Ал эми күйгүзбөгөн болсо, жазылат. Эгер ал унаа белги берген жарыгын күйгүзүп алып баратканда айып пул жазылган болсо, айдоочу мониторинг борборуна кайрылса болот», — деп билдиришти ЖКККББдан.

Ведомстводон мониторинг борборунда видеоматериалдарды талдаган комиссиянын атайын курамы иштеп жатканын, алар эгер каталарды табышса жазып берилген штрафтар жокко чыгарыларын кошумчалашты.