Нарында прокуратура кызматкерлери үчүн үй курулду

Нарын облусунун Кочкор районунда прокуратура кызматкерлери үчүн курулган үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 12-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы прокурор прокуратуранын кызматкерлери үчүн салынган үйдө. Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Ачылуу аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, прокуратуранын кызматкерлери жана райондун тургундары катышты.

«Бүгүнкү күндө прокуратуранын кызматкерлери коррупция жана мыйзамсыздык менен активдүү күрөшүп жатышат. Ошондуктан ар бир кызматкерге шарт түзүү биздин милдетибиз. Эгер биз жетиштүү эмгек акы төлөп, турак-жай менен камсыздап, иштөө үчүн шарт түзсөк, мыйзам бузуулар болбойт», — деди Зулушев.

Буга чейин прокуратуранын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр Талас облусунда ачылган. Ал 32 батирлүү турак жай экени айтылган.

Кызматтык үйлөр прокуратуранын кызматкерлерине эле эмес, УКМК жана Чек ара кызматкерлери үчүн да курулуп жатат.

Тема боюнча окуңуз: Президент эмне үчүн чекисттер мугалим жана врачтардан биринчи турак жай алып жатканын айтты