Баткен: Тургундар үчүн гумжардам топтоо жана бөлүштүрүүчү пункттардын даректери

Сүрөт: ӨКМ

Баткендеги куралдуу кагылышуудан жабыркаган тургундар үчүн өлкөнүн жана дүйнөнүн булуң-бурчунан гумжардамды чогултуу уланып жатат. Бул материалда Баткендеги гумжардам топтоо жана бөлүштүрүү пункттарынын даректери жана ага жооптуу кишилердин контакттары менен таанышып алсаңыз болот.

Гуманитардык жардамды кабыл алуу пункттары:

Баткен шаары боюнча:

Баткен шаары, Курманжан-Датка көчөсү (квартал МСО);

Жооптуу: Алмаз Асанов, 0559-00-99-40.

Кадамжай району боюнча:

Кадамжай шаары, Орозбеков көчөсү 98;

Жооптуу: Руслан Айтбаев, 0770-22-42-12;

Лейлек району боюнча:

Лейлек району, Маргун айылы;

Жооптуу: Мухтар Абдихамидов, 0773-84-68-25.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү пункттары:

Баткен шаары боюнча:

Садыков көчөсү;

Жооптуу: Мансур Маматисаев, 0225-24-25-26.

Баткен району боюнча:

Бужум айылы, Мырзапаров орто мектеби;

Жооптуу: Алимбек Матмуратов, 0772-0100-02.

Кадамжай району боюнча:

Кадамжай шаары, Орозбеков көчөсү 98;

Жооптуу: Руслан Айтбаев, 0770-22-42-12.

Лейлек району боюнча:

Лейлек району, Маргун айылы;

Жооптуу: Мухтар Абдихамидов, 0773-84-68-25.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата Баткен облусуна жалпы 1131 тонна гумжардам жеткирилди. Учурда кампада 173 тонна гуманитардык жардам бар экени айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.