«Ырайым сураган жокпуз». Раиса Атамбаева президент Жапаров менен жолукканы тууралуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өлкө башчы Садыр Жапаров менен анын уулу Рустам аркылуу жолукканын тастыктады. Атамбаева жолугушууда ырайым сурабаганын, болгону жолдошун чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүүнү өтүнгөнүн билдирди.

«Ал Кыргызстанда жасалбай турган операцияга муктаж. Алмазбек Шаршенович дарыланып, кайра абакка кирмейинче ордуна үчөөбүз тең — мен, Сейид, Кадыр — отуруп турганга даяр экенибизди айттык. Буга Садыр Нургожоевич “Жок, соттор бүтмөйүнчө операцияга, дарыланууга жибере албайбыз” деди», — деп жазды Раиса Атамбаева.

Атамбаева юристтер Атамбаевге каршы кылмыш иштери боюнча соттор таза жана бардык мыйзамдык нормаларга ылайык өтсө, анда Кой-Таш окуясы эле кеминде 3-5 жылга созуларын айтканын эстетти. Анын айтымында, «Атамбаевдин диагнозу менен ушунча жыл дарыланбай күтүү — түрмөдө өлүмдү күтүү».

«Дагы да баса белгилеп кетейин, биз ырайым сураган жокпуз, бошотуп коюңуз деген жокпуз. Болгону буга чейин УКМКнын имаратында жабык тартипте каралган Батукаевдин ишин кайрадан адилет карап, сот процессин ачык өткөрүүнү сурандык», — деп белгиледи ал.

Аны менен катар, сүйлөшүүлөрдүн соңунда Жапаров бул тууралуу эч кимге билдирбөөнү сурангандыктан, бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка айтпай келгенин кошумчалады.

«Алмазбек Атамбаев өзү эч кимден эч нерсе сураган эмес, сурабайт дагы.

Анын урааны “Ишенбе, коркпо, сураба [...]”. Азыр эл үчүн да, мамлекет үчүн да оор мезгил, ошондуктан президентке сабырдуулук, акылмандык, эрктүүлүк каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктаган Раиса Атамбаева.

Жапаровдун маеги

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде баласы Рустам Жапаровдун өтүнүчү менен Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алганын билдирген.

«Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим», — деген ал.

Аны менен катар, биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек дген оюн айткан болчу.

Атамбаевдин ден соолугунун абалы

Май айынын аягында Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жеткирилген.

Буга чейин мурдагы президенттин адвокаттары бир нече жолу аны ооруканага жаткыруу үчүн уруксат берүүнү суранышкан. Аны бир нече жолу ден соолугунун абалына байланыштуу сот залынан тез жардам унаасында алып кетишкен.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдиргендей, мурдагы президенттин ден соолугунун абалы аны сотко мажбурлап алып келишкенде кескин начарлап кеткен.

№47 колониянын алдындагы ден соолукту калыбына келтирүү мекемесинин башкы дарыгери мурдагы президентке толук текшерүүдөн өтүп, дарыланышы керектигин белгилеген.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Жаза аткаруу кызматына Атамбаевге дарылануу үчүн Москвага барууга уруксат сурап өтүнүч жибергенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев учурда Молдовановка айылындагы №27 колонияда. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.

Мурдагы президент тарапташтары менен 2019-жылы Чүй облусундагы Кой-Таш айылында эки күнгө созулсан штрум учурунда кармалган.